Жанар Кадыралиев, астролог: “Планетарлык жылдыздардын жайгашуусу Жеңиш Модокматов тарапта болууда”

-- Жанар мырза, бу жолу абактагы жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов тууралуу сурасам...
-- Бу жигит боюнча 2022-жылы сиздердин гезитке маек бергем. Анда алгач камакка алынган болчу. Ошондо март айларынын аягы эле. Ноорузга жакындап калган. “Жеңиш Молдокматов жакын арада абактан чыгат. Саясаттагы орду салмактуу. Активдүүлүгү жогорулайт. Колдоочулары арбыйт. Жарым жылдай жылдыздардын “жарыгы”, таасири тийет. Бирок, октябрь айларынын аяк чендеринде өтө абайлабаса, бийлик кайрадан камакка алып коюшу ыктымал. Эгер бу жолу камакка алса, анда көпкө чейин отургузуп коёру шек жаратпайт” дегем. Мындай сөздү жакын туугандарына да эскертип айткан болчумун. Анан эле былтыр октябрь айынын аяк чендеринде Кемпир-Абад боюнча 20дан ашык жарандык активист, оппозицияда жүргөн саясатчылар, блогерлерди камакка алышты. Алардын ичинде Жеңиш Молдокматов да бар. Бир чети камакка алынганы аянычтуу, экинчиден, айткандарым туура чыгып калды. Азыркыга чейин камакта отурат.
-- Анын мындан аркы тагдыры кандай болот анан?
-- Жеңиш мырзанын колдоочулары күн сайын арбып атат. Анын ичинде саясатчылар, таасирдүү адамдар, колунда барлар, жадагалса жакындан билбегендер деле бул мырзага жан тартып аткансыйт. Жакынкы үч айда жакшы мүмкүнчүлүктөр башталат. Андан ары жарым жылга жакын колдоолор күчөйт, оомат келет. Мына ушул учурларда Жеңиш камактан бошой турган шарт болот. Өзү да абайлап сүйлөп, бийликкке акаарат айтпай турса дейт элем.
-- Сенин айтууң боюнча келерки жаз айларында Жеңиш Молдокматов камактан бошонууга шарт түзүлөт экен, андан арычы?
-- Ооба, андай шарттар бар. Планетарлык жылдыздардын жайгашуусу Жеңиш тарапта болууда. Буга кошул-ташыл бийлик “жакынкы жылдары Кыргызстанда эмес, жакынкы өлкөгө кетип кал!” десе да болот. А негизинен жакынкы 5-6 жыл аралыгында Жеңишке оомат келет.