Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев, академик: “Министр Аскарбек Жаныбековдун айынан миңдеген дыйкандар азап чегишти”

Жамин Акималиев, академик: “Министр Аскарбек Жаныбековдун айынан миңдеген дыйкандар азап чегишти”

12-сентябрь, 09:00
345 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жамин ага, айыл чарба министринин жаз-жай айларындагы ишмердигине кандай баа бере алдыңыз?  

-- Аскарбек Жаныбеков жетектеген айыл чарба министрлигинин быйылкы жылы жасаган иштерин “эң начар”, же болбосо “канааттандырарлык эмес” деп эсептейм. Анын шалаакылыгынан миңдеген дыйкандар азап чегишти, асыл эмгектери талаага кетти. Сугат суунун жетишсиздигинен жана өсүмдүктөрдү илимий негизде жайгаштырбагандын кесепетинен дан эгиндеринин түшүмү эки-үч эсеге төмөндөдү. Өзгөчө Чүй, Талас жергеси менен тоолуу Нарын орчундуу чыгымдарга учурады. Натыйжада, кымбатчылык жалпы журтту каптап, эл кыйналып турган кези. Эгерде 1980-жылдары айыл чарба тармагы республикабыздын улуттук кирешесинин 45 пайызын камсыз кылып келсе, азыр ал көрсөткүч 14 пайызга чейин түшүп кетти. Бул деген айыл чарбасынын жалпы экономикага кошкон салымынын үч эсеге төмөндөп кеткенин тастыктайт. Ушунчалык одоно кемчиликтерди болтурбай коюуга болот беле? Болмок, эгерде айыл чарба министрлиги жер менен сууну туура пайдаланып, жаратылыш кырсыктарынын алдын ала алганда. Таңгала турган нерсе – быйылкы кургакчылык жылында дагы Орто-Токой суу сактагычында 460 миллион куб/метр суу топтолгону менен ал август айында эле соолуп калды. Мурдагы жылдары ушул көлөмдөгү эле суу сентябрь айынын ортосуна чейин кенен жетчү. Быйыл болсо сугат сууну март айынан баштап эле агызып жиберишип, ал жерге сиңбей калды жана ылдыйыш жакка ооп кетти. Негизи суунун көпчүлүгүн май айынан баштап бериш керек эле. Андан тышкары Орто-Токойдон келген Чүй дарыясынын жалпы көлөмүнүн 42 пайызын Казакстанга бердик. Бергенде дагы бекер бердик. Мындай болбогондо, быйыл деле биз Чүй өрөөнүн суу менен толук камсыз кылмакпыз. Таласта дагы ушундай башаламандыктар болду. Туура, Талас дарыясына суу жылдагыга караганда аз келди. Ошентсе дагы Киров суу сактагычында 500 миллион куб/метрге жакын суу топтолду. Талас облусунун жогорку жактары куурап жатса да, Киров суу сактагычындагы болгон суунун 80 пайызын Казакстанга бердик. Ошондо деле алар нааразы болушуп, чоң жолду бир нече күнгө жаап коюшуп, бизге аябай чоң зыян келтиришти. Мунун баары эмнеден болуп жатат? Анын себеби, биз көп жылдардан бери сугат суубузду коңшу өлкөлөргө бепбекер берип келгендигибизде. Токтогул суу сактагычында Киров суу сактагычына караганда 40 эсе көп суу топтолот – 20 миллиард куб/метр сууга жакын. Эми ошонун 98 пайызын биз Өзбекстанга бекер эле агызып жиберебиз. Ушул кантип болсун? Ботом, биздин сууларыбыз Казакстандын көмүрү же Өзбекстандын газындай эле жаратылыш байлыгы да!

-- Анда эмне үчүн алар бизге көмүр менен газды жогорку баа менен сатышат? Биз болсо унчукпай сатып алабыз, ал эми коңшулар биздин алтындан да кымбат сугат суубузду бекер алышат? 

-- Токтогул суу сактагычындагы сууну биз Өзбекстанга бербей койсок, анда алардын аябай көп киреше берген негизги өсүмдүгү – пахта себилбей, өлкөнүн өндүрүшү өчүп калат эле да. Ал эми коңшу Казакстанга Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынын суусун бербей койсок, Жамбыл облусу азык-түлүксүз калып, ал жерде ачкачылык өкүм сүрмөк. 

-- Эмне үчүн суудай болгон өзгөчө байлыгыбызды, базар экономикасы болгондон кийин муктаж өлкөлөргө түздөн-түз товар катары сатпайбыз? 

-- Эсиңиздерде болсо, биз, “Легендарлуу парламенттин” депутаттары, аксакалыбыз Турдакун Усубалиевдин сунушу боюнча 1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндөгү» мыйзамын кабыл алып, анда КР уюмдары, ишканалары, мекемелери жана граждандары, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана граждандар жана граждандыгы жок адамдар суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө принцибин киргизгенбиз. Болуптур, ал учурдагы Аскар Акаев алсыздык кылып, Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаевдин алдына мындай тагдыр чече турган маселени кабыргасынан катуу коё алган жок, Жогорку Кеңеш кабыл алып берген мыйзамды ишке ашыра албады. 

-- Эми азыр кургакчылык жалпы ааламды жана өзгөчө Борбор Азияны каптаганда, эмне үчүн бул орчундуу маселени кайрадан көтөрүп чыкпайбыз? 

-- Эгерде биз кабыл алган мыйзам эскирип кетип, күчүн жоготту десек, анда Жогорку Кеңешибиз тезинен сууну товар катары сатуу боюнча жаңы мыйзамды кабыл алып беришсин. Буга өбөлгө катары Садыр Жапаров 2023-жылдын 8-июнунда Казакстанда Астана эл аралык форумуна катышып, төмөндөгүлөрдү кыйытып айтты: «Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт». 

Чындыгында сууну туура пайдалануу жана аны коңшуларга товар катары сатуу иштерин жүзөгө ашырууда негизги ролду айыл чарба министрлиги аткарышы керек. Андай болбой жатпайбы. Себеби, ал жерде суу тармагын жакшы билген кесипкөй адистер жокко эсе. Министрликтин башында Аскарбек деген агроном отурат. Суу чарбасын болсо инженер-гидротехник башкарышы керек. Айтайын дегеним, айыл чарба министрлигинин түзүлүшүн кылдаттык менен кайра карап чыгып, андан суу чарба минстрлигин өзүнчө бөлүп чыгуу зарыл. Азыркы айыл чарба министрлигинин суу көйгөйлөрүн чечкиндүү чечүүгө дарамети келбей калды. Суу азыр биринчи планга чыкты. Себеби, ансыз тиричилик болбойт. Суу болбосо, жер дагы натыйжа бербейт. Биздин шартта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу түздөн-түз суу менен байланышып калды. Демек, бизге суу адистерин камтыган атайын министрлик керек болуп турат. 

Өткөнгө көз чаптырып көрөлүчү. Болот Мамбетов деген кыргыз элинин чыгаан уулу Кыргызстанда сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүдө өзгөчө эмгек кылган. Эгерде көзү өтүп кеткен кишилерди «баатыр» кылышса, анда ал бийик наамды Болот Мамбетовго бериш керек эле. Ал киши 1940-1945-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин секретары жана анын орун басары,  1945-1951-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе обкомунун биринчи секретары, ал эми 1954-1961-жылдары КР суу чарба министри болуп иштеген, 1961-1968-жылдары КР министрлер советинин төрага кызматын аткарган. Ошол Болот Мамбетовдун учурунда Чоң Чүй Каналы, Орто-Токой жана Токтогул суу сактагычтары, Үч-Коргон, Найман, Ала-Арча, Базар-Коргон жана Сокулук суу сактагычтары курулган. 

-- Мындай эмгектерди ийгилик жылоолоптур... 

-- Анткени мына ушундай орчундуу суу объектилерин курууга 1935-жылы Москванын суу чарба институтун бүткөн атактуу адис, инженер-гидротехник Болот Мамбетов жетекчилик кылган. Ал кишиден кийин 1961-1966-жылдары республикабыздын суу чарба министри болуп кыргыздын дагы бир мыкты кулуну Султан Ибраимов иштеген. Ал адегенде Фрунзе суу чарба техникумун бүтүрүп, андан кийин Ташкентте суу чарба институтунда окуган, адистиги инженер-гидротехник болгон. 1966-жылы Султан Ибраимов Кыргызстан Компартиясынын  Борбордук Комитетинин секретары кызматына көтөрүлүп, суу чарбасына өзгөчө көңүл бурган. 1972-1979-жылдары Кыргызстандын суу чарба министри болуп Асан Кожомкулов натыйжалуу иштеди. 1980-жылдары суу чарба жана мелиорация министр кызматын инженер-гидротехник Калкаш Батырканов ийгиликтүү аткарды. 1992-жылы бул министрликти Москва суу чарба институтун бүтүргөн профессионал Мейраждин Зулпуев башкарды. Болот Мамбетовдон баштап баардык министрлер адистик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, суу баскан жерлердин аянтын 1 миллион гектарга чейин кеңейте алышкан. Кийинки жылдары айдоо жерлерибизди алып-жулуп атып, сугат жерлерибиз 850 миң гектарга чейин азайды. Эгерде биздин бийлик тез аранын ичинде суу чарба жана мелиорация министрлигин түзүп, аны инженер-гидротехникке башкартса, анда сугат жерибиз кайра кеңейип, суу ресурстары натыйжалуу пайдаланылып, биздин негизги байлыгыбыз болгон суубуз башка өлкөлөргө товар катары жогорку баада сатылат эле. Андан тапкан пайдабыз кайра эле суу сактагычтарды, бир жана он күндүк бассейндерди курууга жана арыктарыбызды тазалап, аларды бетон менен жапканга жумшалат эле.

-- “Жөжөнү күздө сана” дейт, алдыда күз, биз канчалык азык-түлүк менен камсыз болчудайбыз? 

-- Айыл чарба министрлиги чабал иштеп жаткандан кийин, күзүндө санай турган жөжө деле калбай калды. 9 азык-түлүктүн ичинен элибизди баягы эле үчөө: сүт, жашылча жана картошка менен гана камсыз кыла алабыз. Алар дагы аябай кымбаттап кетти. Статкомитетинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын июль айында картошканын 1 килограммы 47 сом, помидор 67 сом, тазаланган жана бузулбаган сүттүн 1 литри 94 сомго чейин жетти. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дагы эки азык – кумшекер жана эт менен өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз (!) деп ант берген. Анын аткарылышы аябай арсар. Себеби кант кызылчасынын аянты көбөйтүлгөнү менен суунун жетишсиздигинен түшүм аз болушу мүмкүн. Кандай болсо да, быйыл биз 100 миң тоннадан ашык кантты өндүрө албайбыз. Республикабыздын калкы 7 миллионго жетти. Физиологиялык норма боюнча ар бир адамга бир жылда 35 килограмм кумшекер керек кылынат. Демек, биздин жалпы муктаждыгыбыз 245 миң тоннаны түзөт. Ушуга байланыштуу эмитен эле канттын көпчүлүгүн чет мамлекеттерден, негизинен Россиядан мамлекеттик бюджеттин эсебинен кымбат баада сатып ала баштадык. Өзүбүз өндүрсөк, кумшекердин баасы 60 сомдон ашмак эмес. Эт боюнча деле акыбал оор. Жайлоолорубуз жабыркап, чөп жакшы чыкпай калды. Өрөөндүү жерлерде беденин түшүмү эки эсеге азайып, тоют маселеси татаалдашты. Бир түк беде чөбүнүн баасы 400 сомго чыкты. Мал жакшы семире алган жок. 

-- Анан кандайча өзүбүздү өзүбүз эт менен камсыз кылабыз? 

-- Эт аз өндүрүлгөн үчүн, мисалы, койдун этинин 1 килограммы 600 сомго жетти. Акыбал ушундай болуп жатса, «эттин экспортун эки эсеге көбөйттүк» деп айыл чарба министри мактанып, көкүрөгүн ургулап жатат. Э кокуй, эт өзүбүзгө жетпей жатса, эмне үчүн сойбой туруп миңдеген тирүү малды сыртка чыгарып жатасыңар? Муну кандай түшүнсө болот? Же бул жерде дагы коррупция барбы? Өкмөт жакында тоюттун бардык түрлөрүн сыртка сатууга тыюу салды. Эмне үчүн этти дагы ошентпейсиңер? Же бул жерде өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңар барбы? 

Жыйынтыктап айтканда, менин эсептөөм боюнча быйыл республика муктаж болгон азык-түлүктүн 75 пайызын сырттан сатып келебиз, калган 25 пайызын өзүбүздүн өндүрүшүбүз менен гана жабабыз. Мурда биз өсүмдүк майы менен (күнкарама, пахта, соя, рапс, зыгыр) элибизди өзүбүз эле толук камсыз кылчубуз. Азыр болсо өсүмдүк майынын 85 пайызын сырттан ташып келебиз. Ушул кантип акылга сыйсын? Кыскасы, жаңы өкмөт, жаңы министр келмейинче, биз айыл чарбасын оңдой албайбыз. Бизге жаңы жүздөр, жаңы агрардык саясат керек. Республикабыздын жалпы калкынын 65 пайызы, же болбосо 4 миллион 550 миң киши элет жеринде жашаганын унутпайлы, урматтуу бийлик бутактары!

                                                                                                                      

Сурат Жылкычыев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер