Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оңдоо иштери жүрүп жаткан аймактарда электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт

Оңдоо иштери жүрүп жаткан аймактарда электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт

22-август, 09:00
506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй электр тармактар ишканасы "Азия Ньюс" гезитине чыккан "Министр Т.Ибраевдин сөзү ишине төп келбейт, Чүй облусунда свет өчүп атат" деген макалага төмөндөгүдөй жооп берет:

Чүй электр тармактар ишканасы жыл сайын алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 1-апрелден 1-ноябрга чейин оңдоо-түзөө иштерин жүргүзөт

Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында эскилиги жеткен жыгач электр мамылары, трансформатордук көмөкчордондогу эскилиги жеткен жабдуулар алмашылат. Андан тышкары, кайра куруу иштеринин алкагында аба чубалгылары жаңыланып, трансформатордук көмөкчордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Оңдоо иштери эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин иштин татаалдыгына байланыштуу созулат. Оңдоо иштери жүрүп жаткан аймакта электр куроочулардын коопсуздугу үчүн электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы боюнча маалымат алдын ала ишкананын официалдуу сайтына, Фейсбук, Инстаграм баракчаларына чыгып, айыл өкмөтү, айыл башчыларына алдын ала айтылат.

Чүй электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдөн келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. 


Чүй электр тармактар ишканасы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер