Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн интеллектиси жогору жаштар, келечектүү бизнесмендер өлкөдөн кете башташты?

Эмне үчүн интеллектиси жогору жаштар, келечектүү бизнесмендер өлкөдөн кете башташты?

06-июнь, 19:30
397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстандан интеллектиси жогору жаштар, келечектүү бизнесмендердин кете баштаганы эмнени билдирет? Мындан аркы биздин коомду кандай элестетебиз?” деген суроо узаттык.

Майрамбүбү Абдыканова, коомдук ишмер, акын:

-- Кыргызстандан интеллектиси жогору жаштар, келечектүү бизнесмендердин кетишинин себеби, акыйкат, чындык жок. Салык төлөшөт, бирок анын элге пайдасы тийбейт, чириген байлардын чөнтөгүнө түшүп турат. Бизде мыйзам тескери иштейт, жазгандар өзүнө ылайыктап түптөп алышкан, жакшы бир нерсе ачайын десе, баягынын таягы тийет. Улам бир жагын чоё берип, жадаганда таштайт, жаштайынан психикасы өзгөрүп жеңиле берет, ден соолугуна да таасир берет. Ал аз келгенсип, динчил кыйсыпыр заман келди, “ал болбойт, бул болбойт, ширк” дегиче чыдамы кетип качышат.

Интеллектиси бийик балдар алга умтулуу үчүн күнү-түнү билим алып иштешет. Анан чыгашасы көп болуп, көңүлү чөгүп, эмгеги акталбайт. Аларды пайдалангандар эки эсе жугун калтырбай жеп коюшат, анан кантип оңолсун? Акыйкатка сүңгүп кол сунган чекеден чыгат, бирок мыйзам иштебей жатканы ойлондурат. Көпчүлүгү кичинесинен билим албаса, кайдагы өнүгүү болот эле? Ошондуктан мамлекет окуу программасын өзгөртүүсү зарыл. Элдин жүгүн аркалай турган жаштар арбып, ишенимдүү кадам таштаган билимдүүлөр көбөйсө деп тилек кылам. 

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

-- Демек, Кыргызстан мамлекет катары жаркын келечектүү экенин туйдура албай жатат. Заманбап бизнес багытындагыларга келечекти багындырганга далалаттанган борборлор, рынок, биржалар жайгашкан шаарлар керек! Ал эми бизде кадимки эле ишкерлер тапкан оокатын сактап калуунун камында эле чет өлкөгө тапкан-ташыганын алып чыгып кетишүүдө. Келечек ээси болгон балдарыбыз “чет өлкөлөрдө иштесек, жашасак” деп кыялданышууда. Тың чыккандардын баары четке чыгып кетишсе, жерибизди кошуналар иштетип калышат го (?) деген коркунуч бар. Мамлекеттик кызматтарга татыктуу жаштарды тартып, эл-жерибиз үчүн күйүп-жанып аракеттенбесек, келечек бүдөмүк...

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Кыргызстандын интеллектиси жогору, билимдүүлөрү чындап эле өлкө аймагынан кете баштады. Себеби, биздин республиканын баардык жеринде бизнес жүргүзүү мүмкүн эмес болуп калды. Баардык жагынан айып, айып... жадагалса малга да айып салгыла деп атпайбы! Ушундай жат көрүнүштөрдөн улам мүмкүнчүлүктөр чектелип, аргасыздан мамлекетке пайда апкеле турган билимдүүлөр кетишүүдө. Бул бир четинен туура. Кысым кылуу чегинен ашканда ушундай кадамдарга барып атышат деп ойлойм.

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:

-- Эгемендүүлүк алгандан бери элибиздеги ички жана тышкы миграция жапайы түрдө кулачын жайды. Анын себебинен үй-бүлөлүк касиеттер талкаланды. Басымдуу бөлүгү жакырчылыкка туш болду. Социалдык жактан кээ бир жаштар жетим болуп калып атат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө интеллектиси бар, жогорку билимдүү жаштардын кетип атканын өкүнүч катары баалап атам. Ушундан улам кыргыз өкмөтү приоритеттүү карап, мамлекеттин экономикасын, социалдык жашоосун көтөрүү максатында жаштарга жеңилдетилген кредит, бизнестерин кордоо эмес, колдоо кылып, кандайдыр бир план иштеп чыгышса дейт элем. 

Маматкадыр Тиллебаев, ишкер:

-- Кыргызстан эми оңоло баштады. Мамлекеттик казынага каражат түшүп, тартип орноп, уурдагандар “кусуп” дегендей... Албетте, баардык нерсе тез эле боло койбойт, жакшы ниет кылалы, элдин үмүтү чоң. Кудай буюрса, өнүгүп-өскөн күчтүү мамлекет болобуз. Ошол багытта экенибизге көзүм жетип турат. Эгер жакшы жолго түшүп, экономика көтөрүлө баштаса, келечегибиз жаман эмес. Туризм жааты, өнөр жай өнүгө баштайт. Заводдорду куруу боюнча мамлекеттик мааниде иштер жүрүп жатат. Ушулардын баары жакшы жолго коюлуп калса, ошол эле ишкерлер кетпей калат, кеткендери кайрадан келе баштайт. Андыктан жакшылыктан үмүт кылалы!


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер