Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызстан үчүн Россия менен Кытай өзгөчө мааниге ээ ири өлкөлөр”

“Кыргызстан үчүн Россия менен Кытай өзгөчө мааниге ээ ири өлкөлөр”

08-май, 23:44
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаров Россияга, андан соң Кытайга иш сапары менен барат. Чоң державалардын башчылары менен жолугушуу Кыргызстан үчүн канчалык пайдалуу?” деген собол таштадык.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

-- Орус-украин согушу жана ага байланыштуу глобалдык саясаттагы чукул өзгөрүүлөр, ошого байланыштуу эл аралык мамилелердеги түзүлүп калган кырдаал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде саясый, айрыкча геосаясый маселелерди экономикалык кызыкчылыктардан, айрыкча аймактык жана коңшулук кызматташтык мамилелерден ажыратып кароо керек экендигин көрсөттү. Кыргызстан үчүн Россия дагы, Кытай Эл Республикасы дагы өзгөчө мааниге ээ ири өлкөлөр. Россия дүйнөдөгү өзүнүн геосаясый жана экономикалык ордун жоготуп бара жатканы менен табигый ресурсттарга бай эң ири өлкө бойдон кала берет. Азыркы кризистик абал Россиянын экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн катарынан баары бир өз ордун табат. Анүстүнө Россия биз үчүн эмгек рыногу катары дагы, өндүрүлгөн продукцияны сатуу рыногу катары дагы маанилүү. Ошондуктан президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына баруусу, алар менен жакын алакада болуусу туура иш. Бирок, бул жерде геосаясый жана аскердик форматтардан четтеп туруу зарыл экендиги айтпаса да түшүнүктүү го дейм. Ал эми Кытай менен кызматташуунун мааниси айтпаса дагы түшүнүктүү. Азыр дүйнөдө экинчи экономика болуп, дүйнөлүк саясаттын ташы Пекинди карай ооп турганы жашыруун деле эмес. Садыр Жапаровдун Кытайга болгон расмий сапарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун тагдыры биротоло чечилет деген үмүт бар. Бул темир жолду биз улуттук долбоор катары карап, жалпы элдик колдоого алуубуз абзел. Темир жол салынып, ал жолго Балыкчы–Кара-Кече жолу кошулуп калса, өзүбүздүн ички темир жол тармагы пайда болуп, ошону менен катар эл аралык темир жол байланышынын маанилүү бөлүгүнө айланып калабыз. Учурда Кашкардан ары Пакистан аркылуу деңизге чыгуучу темир жол салуу долбоору Кытай менен Пакистандын ортосунда талкуу болуп жатат. Мына ушул жол да курулуп, биздин темир жол дагы салынып бүтүп калса, анда батыш жагынан Европага, түштүк жагынан Перс булуңу менен Индия океанына чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Буюрса, келечек үчүн зор мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Эмил Жороев, саясат талдоочу:

-- Президент Жапаровдун Москвага, айрыкча Кытайга өзгөчө сезимтал, татаал убакытта сапар тартмакчы болуп турганы ойлондурбай койбойт. Албетте, Россия да, Кытай да Кыргызстандын эң сап башында турган маанилүү, салмактуу өнөктөштөрү. Алар менен мамилебизди кескин оңго-солго буруп кетүү биз үчүн чоң тобокелге тете маселе. Алдын ала макулдашылган соң, албетте, эгер алар күтүп жатса (өзгөчө маселе Москва боюнча), президент барат. Сапар алкагында орус тараптын Украинага каршы согушунда биздин президент кандайдыр бир жагдайда орус тарапты колдогондой, ошол тарапка оогондой тыянакка жол бербеш керек. Эки тараптын мамилелерин талкуулоо, албетте, болушу керек. Айрыкча акыркы кездеги орус тараптан өнөктөштүккө анчейин жатпаган соода жаатындагы биздин өндүрүшчүлөргө каршы аракеттерин талкуулоо зарыл. Бирок, медиалык жагынан көп суроо туудуруп жаткан аскердик парадына катышпай коюунун жолу болсо туура болмок. Андай жерде жападан-жалгыз чет элдик лидер болуп Путиндин жанында туруп калуу Кыргызстандын аброюна өтө жагымсыз кесепет алып келүүсү мүмкүн. Кытай менен эки тарап ортосунда талкуулай турган көп долбоорлор бар, анын сап башында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу турат. Ал жолдун каржылоо жагын дагы деле тараптар чечише элек. Бул маселеде Кыргызстан үчүн узак мөөнөттө пайдалуу, коопсуз формуласын табуу зарыл. Андан башка да көп маселелер эки тараптуу жана көп тараптуу жагдайда талкууланат. Бул сапарда кылдат карачу жери – Кыргызстандын дүйнөлүк геосаясатта тобокелдүү болуп бараткан Кытайдын турумуна байланып калбоосу зарыл. Мейли Тайвань маселеси болсун, мейли Борбор Азия чөлкөмүндөгү Батыш өлкөлөрү менен болгон мамилелер болсун, же Россия менен анын согуштук аракет суроосу болсун, мунун баарында биз үчүн бир топ тобокелчиликтер бар. Ошолорду эске алуу менен бирге Кыргызстан үчүн бул эки чоң мамлекет менен кесип салгыс мамилелерибиз бар экенин, аларды алгалата берүү зарыл экенин түшүнүп, бул сапарларды ишке ашыруу керек.

Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры:

-- Пайдасы сөзсүз бар. Биринчиден, Кытай бизге чектеш кошуна өлкө, экинчиден, экономикалык өнөктөш катары маанилүү. Ал эми Россия мамлекетин биздин стратегиялык өнөктөш катары билебиз. Экөө тең өзөктүк куралдуу державалар. Эки өлкө тең Кыргызстанга мамилеси түз, бир топ грант түрүндө жардам көрсөтүп турушат, биз чоң долбоорлорду чогуу ишке ашырып келебиз. Ошондуктан биздин тышкы саясатта ал эки өлкөнүн орду өтө чоң жана маанилүү. Ошол себептен алардын лидерлери менен жеке жолугуулар, маселелерди талкулоо, келечекте өз ара мамилелердин өнүгүүсүн камсыздоо биздин мамлекет башчыбыздын түздөн-түз милдети десек болот.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер