Акыркы кабарлар
» Коом » Соңку маалымат боюнча Баткенде 282 турак жай талкаланган
Соңку маалымат боюнча Баткенде 282 турак жай талкаланган
19-сентябрь, 16:42
224 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетибизде каражат бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кайрылуусунда билдирди.
"Кудайга шүгүр, казынабыз куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет. Бардык мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, каран күнгө кабылган мекендештерибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алып, жай турмушту калыбына келтирүүнүн камын көрүшүүдө" деди Жапаров.
Ошондой эле президент чыдамы кеткен ар бир атуул баскынчылардын жоругуна кайдыгер эмес экендигин билдирип чыкканына токтолду. Өлкөнүн бүт аймагынан ар кандай жардамдарды уюштуруп, Баткенге жөнөтүп жатканын айтып, элдин мындай урагыс биримдигине таазим кылды.