Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калим Рахматуллиндин “Улуу патриоту, укмуштуу Манасы”

Калим Рахматуллиндин “Улуу патриоту, укмуштуу Манасы”

03-май, 12:00
911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Сталин, Жоомарт Бөкөнбаев жана “Улуу патриот, укмуштуу Манас”

Калим Рахматуллин кыргыз адабият таануусунун жана манастаануусунун башатында турган аалымдардын бири. Анын “Улуу патриот, укмуштуу Манас” аттуу илимий-популярдуу китебинин 1942-жылы жарыкка чыгышын өз мезгилинин тарыхый фонуна салып кароо керек. Фашисттик Германия СССРге кол салганда, И.В.Сталин 1941-жылы совет элине мындайча кайрылган: “Совет элин Александр Невский, Дмитрий Донской, Кузьма Минин, Александр Суворов, Михаил Кутузов сыяктуу ата-бабалардын баатырдык образдары шыктандырсын” (“Правда” гезити, 5-июль, 1941-жыл). И.В.Сталиндин бул көрсөтмөсүнөн чыгып, М.Калинин илимий-чыгармачыл интеллигенцияга төмөндөгүчө чакырык таштаган: “Биздин адамдарда совет патриотизмин, улуттук сыймыкты тарбиялагыла, ар бир жоокерге анын элиндеги баатыр ата-бабаларын, анын укмуш эпосун, адабиятын, улуу адамдарын, жетекчилерин жана полководецтерин калк массасын азат кылуу үчүн күрөшчүлөрүн эстетип тургула”. Совет өлкөсүнүн жетекчилеринин мындай чакырыктарын жетекчиликке алган Кыргызстан КП БК Жоомарт Бөкөнбаев баштаган чыгармачыл топко “Манастын уулу Семетей” аттуу көркөм фильм тартууга тапшырма берген (фильм 1944-жылы Ж.Бөкөнбаевдин каза болгондугуна байланыштуу ишке ашпай калган). Калим Рахматуллиндин “Улуу патриот, укмуштуу Манас” китебинин да дал ушул согуш мезгилинин социалдык заказынан, мындайча айтканда, коомдун учурдагы жарандарды патриоттуулукка тарбиялоонун идеологиялык өктөм муктаждыгынан улам жазылып, жарыкка келгендиги сезилип турат. Аталган китеп ошол эле 1942-жылы орус тилинде да жарыкка чыккан. Китеп өз мезгилинин чакырыгына ылайык жазылса да, шашылыш түрдө жарала калган эмес. К.Рахматуллин бул ишке мурдатан эле олуттуу түрдө даярданып, айтчу сөзүн алдыртан камдап, ыңгайлуу учурду күтүп жүргөндөй сыяктанат. Китеп орчундуу идеяларга жана ой жүгүртүүлөргө, деталдуу талдоолорго, калыс жыйынтыктарга, кызыктуу гипотезаларга, көркөм-эстетикалык кыйла кылдат чечмелөөлөргө, баа берүүлөргө бай.


2. К.Рахматулиндин ак калпак кыргыз эли жөнүндөгү Манифести

Биринчи иретте белгилей турган нерсе, “Улуу патриот, укмуштуу Манас” китеби Калим Рахматуллиндин кыргыз элине болгон урмат-сүйүүсүнүн, атуулдук агыл-төгүл мамилесинин, ала-тоолук калктын тарыхына, өтүмүш өмүр таржымалына сыймыктануу менен жасаган кадыр-сыйынын символикасы катары кабыл алынат. Калим Рахматуллин кечээки ак падышанын үстөмдүгүнүн доорунда “дикокаменный”, “караңгы туземецтер”, “аборигендер” деген сыяктуу кыргыздарга карата кекирейүүчүлүк менен айтылган, басынткан колонизатордук мамилеге жана кыргыздын чыныгы тарыхы октябрь төңкөрүшүнөн кийин гана башталат деген өңдүү көз караштарга кайчы келген альтернативалуу идеяларды көтөрүп чыккан. Ал кыргыз эли жөнүндө минтип жазган: “Кыргыз эли мындан 2000 жыл илгери кыргыз атагын алып, тарыхый майданда пайда болгон. Ошо күндөн тартып, ал боштондук үчүн миң-миңдеген жоолор менен беттешип келген. Кытайдын жана арабдын байыркы тарыхчыларынын сүрөттөшүнө караганда, кыргыз эли боштондукту сүйгөн, жоодон коркууну өлүм менен бирдей көргөн каарман, баатыр эл болгон. Байыркы кыргыздардын закону урушта жоодон корккон аскердин башын кесүүнү талап кылган. Кыргыз эли боштондук үчүн кытай феодалдарына, монгол хандарына, түрк каганатына жана башка залим падышаларга каршы эки миң жыл ичинде токтоосуз күрөшкөн. Кыргыз эли тарыхта дүйнөнү титиретип, эл-журтту канга батырып кеткен гунндарга, түрктөргө, Чыңгызхан баш болгон монголдорго бой бербестен, дайым көтөрүлүштөрдү чыгарып турган. Дүйнөнү титиреткен монголдор да кыргыздардын тайманбас эрдигине таңгалып, аларды “Могулустандын жапайы арстандары” деп аташкан. Түрк кагандары болсо “биздин эң күчтүү душманыбыз кыргыздар эле” деп моюнга алышкан. Элдин улуу эпосу “Манаста” да кыргыздардын душмандары бул элдин айбатын, салтанатын көргөндө, таңгалгандыгы айтылат. Кыргыздын колун “Бадана кийген баатырлар”, “Соот кийген сонундар”, “Айбатына жан тургус”, “Болот туяк ажыдаар” деп сүрөттөшөт. Кыргыздын эр жигиттери дайым “эл четинде, жоо бетинде” болуп, каармандыктын, баатырдыктын үлгүлөрүн көрсөтүшкөн”. (Рахматуллин К., “Улуу патриот, укмуштуу Манас”, 5-6-беттер). К.Рахматуллиндин бул адилеттүү, сыймыктуу баа берүүсүн ак калпак эл жөнүндөгү өзүнчө бир манифест десек болгудай. Улутубуздун тарыхы жөнүндө айтылган мындай даңазалуу, көкүрөктү сыймыкка жана ар-намыска бөлөгөн сөздөрдү совет доорунда тайманбай биринчи айткан ушул Калим Рахматуллин болсо керек. 


3. Манас же Манастай адам тарыхта жашап өткөн

Китептин башындагы ушул даңазалуу сөздөрдөн кийин автор кыргыз элинин боштондук күрөшүнүн башында турган адам – бул Манас, тарыхый-архивдик факт жок болсо да, Манас же Манастай адам тарыхта жашап өткөн, Манастын прототиви 840-жылы уйгур империясына каршы чоң согушту жетектеген “Яглахар каган болууга тийиш” деген гипотезасын ортого салат. Окумуштуу 840-жылы уйгур империясы менен кыргыздардын ортосунда болгон генаралдык тарыхый салгылашууну “Чоң Казаттын” генезиси катары болжолдоп, кийин “ал салгылашуу калмак-кытайлар менен болгондой элестетилип айтылып калышы мүмкүн” деген ойду айтып, бул гипотезаны фактылар менен далилдөөгө аракет кылган. Бул изилдөөчүлөрдү ойго сала турган ой.


4. Айкөл Манасты саясый каралоо же өрттөлгөн “Великий поход”

1952-жылкы бүткүл союздук конференцияда, ага чейин да “Манас талоончул, агрессиялык, баскынчылык согуштарды жүргүзүп келген. Басып алуучу, талап-тоноочу феодал ханды элдик баатыр катары даңазалоо кыргыз эпосунун негизги лейтмотиви болуп калган” деген сыяктуу айыптоолордун, каралоолордун болуп келгендиги белгилүү. 1946-жылы Москвадан орусча чыккан “Великий поход” аттуу “Манас” китеби ушундай идеологиялык айыптоолордун негизинде пайдалануудан алынып, өрттөлүп жок кылынган эле. 


5. Бээжинге чоң жортуул жасоого Манасты кимдер аргасыз кылган?

Калим Рахматуллин Манастын жасаган казаттарына карата таптакыр башка көз карашта болгон. Ал Манастын казаттарын баалоодо алдын ала курулган жасалма идеологиялык догматикадан эмес, “Манас” эпосунун өзүнүн сюжеттик фактурасы айтып турган чындыктан чыккан. Маселен, К.Рахматуллиндин далилдерин мындай коё туруп, эпостогу “Чоң Казаттын” кантип башталганын сюжеттин негизинде эле карап көрөлүчү. “Көкөтөйдүн ашында” “жамбы атууда, балбан күрөштө, эр сайышта, ат чабышта жеңилгендерине ызаланган калмак-кытай, манжуу кайрадан чуу чыгарышып, көптүгүнө салып, аш берген элди селдей каптап, ат байгени кыргыздардын өздөрүнө ээ кылбай талап алышып, бет келгенин токмоктоп, жылкы кайтаргандарды сабап, кереге-уукту кыйратып, кемегедеги казандарды көмкөрө тээп, тополоңду салышат. Кара таандай чуулдап, кара бороондой дуулдап, ойдон-тоодон жылкы алып, Каркыранын бетиндеги калың жылкыга тийип, күтүрөгөн сансыз төрт түлүктү үркүтүп айдап, Текестин суусун кечип өтүшүп, “эми эр болсо бурут келсин деп, эрмектешип көрсүн деп”, өз мекендерин көздөй чаң ызгытып жөнөп кетишет.

Калмак-кытайдын бул кылыгына Манастын каны кайнап, өрттөй көзү жайнап, эрдин кесе тиштеп, “каалгадай кашка тиш, бөлө-бөлө чайнаган”. Айкөлүң акыл токтотуп ойлонот: Канчалык агарайын десем да, бул караан калгырлар карарганын койбойт экен го, ардактап ашка чакырсак, тоодой кылып эт тартсак, кызыл куйрук нар берсек да, кылып турганы бул. Бизди эл деп санабайт экен го, кастыгын калтырбайт экен го? Эми бу калмак, манжуу кутуруп, кыргызды көздөй жутунуп, кайра келбей койбос, калайманды салбай койбос. Эми басына берсек болобу, башчысын кармап соёлу, кызыккан экен кыргызга, кыйынсынган кысталактарга кыргын салып коёлу, талкалашып тыналы, биротоло баш көтөргүс кылалы, тагдырга жазган жазууну, көрүшө турган күн окшойт, ажал жетип, күн бүтсө, о журтум өлүшө турган күн окшойт! Ошентип, зордукчу, баскынчы жоого каршы Манастын айтылуу Чоң Казаты башталат. Кыргыздардын колу дүңгүрөп, Каңгай – Бээжинди карай аттанат.

Эпостун сюжетинен көрүнүп тургандай, Чоң Казатты жасоого Манасты кытай-калмактардын өздөрү мажбур кылган. Манастын Чоң Казаты түпкүлүгүндө ниети кара жоону өз үйүнө биротоло жеңип, кыргызга да, кытай элине да тынчтыкты орнотуу, уурдалып, айдалып кеткен калың жылкыны кайра Ала-Тоого кайрып келүү мүдөөсүн көздөгөн адилеттүү казат эле. Мындай чындыкты учурунда китебинде К.Рахматуллин туура белгилеп көрсөткөндүгүн баса айтуу керек. 


6. Манастын Казаттарынын адилеттүүлүгү же эркиндик үчүн салгылашуу


Рахматуллин айкөл ажонун жүргүзгөн согуштарын Алтай этабы, Орто Азия этабы, Кашкар этабы, Чоң Казат этабы деп өзүнчө төрт этапка бөлүп, баатырдын ар бир этаптагы согуштарынын эмне үчүн тутангандыгын, кандай себептен улам чыккандыгын, аны урушка эмне аргасыз кылгандыгын, бир сөз менен айтканда, Манастын казаттарынын түпкү мотивациясын эпикалык тексттен алынган төгүндөлгүс мисалдар менен деталдуу түрдө далилдеп берген. Мындай анализ, манастаануучунун али жарыкка чыга элек улуу эпостун кол жазмаларын ийне-жибине чейин өздөштүргөндүгүн тастыктап турат. Манастын казаттарынын себептерин, маани-маңызын жалпылап келип К.Рахматуллин мындай деп жыйынтык чыгарат: “Манастын казаттары адилет казаттар болуп эсептелет. Алардын бардыгы же башкалардын кол астында эзилип жаткан кыргыздарды азат кылуу үчүн, же кыргыз элин кул кылып келген жоонун алдын алып, биротоло талкалоо үчүн, же кыргыз элине тикеден-тике кол салган душмандарга сокку берүү үчүн жүргүзүлөт. Жалпы “Манастын” өзү кыргыз элинин чачылгандыгын, эзилгендигин айтуудан башталып, Манас ошо эзилген, бытыраган элди баш коштурган жолбашчы. Башкача айтсак, боштондук үчүн күрөшүү идеясы “Манастагы” башкы идея. Андай болсо “Манас” эпосунун баатырлары да патриоттор, атамекенди сүйгөн жана боштондук үчүн күрөшкөн адамдар. Демек, ал чыгарманын башкы баатыры Манас да кыргыз элинин улуу патриоту”. (Ошондо 33-34-беттер).

Кыскасын айтканда, Манастын жогорудагы төрт этап менен өткөн казаттарынын өз калкынын көз карандысыздыгы үчүн, ата-бабалардын жерин баскынчы жоолордон бошотуу үчүн жүргүзүлгөн, коргонуучу жана куткаруучу миссияны аркалаган акыйкат согуш экендигин, эпостун негизги мазмуну боштондук пафосуна жана эркиндик философиясына негизделгендигин ачып бериши, Манас баатырдын гуманисттик мүдөөлөрүн аныктап, улуу эпостун мекенчил идеологиясына тактыкты киргизиши Калим Рахматуллиндин тоталиртардык таптык тар саясаттын учурундагы өзүнчө бир жарандык жана окумуштуулук эрдиги болгон.


7. К.Рахматуллинге НКВДнын колу жетпей калган

Ой кетет. 1946-жылдагы “Звезда”, “Ленинград” журналдарына байланышкан КПССтин токтомунан кийин башталган репрессиянын жаңы толкунуна Т.Байжиев, З.Бектенов, Т.Саманчин менен кошо “Манасты” даңктаган Калим Рахматуллиндин да кабылышы мүмкүн эле. Бирок окумуштуу оорунун айынан 1946-жылы көз жумуп, ага НКВДнын колу жетпей калган. Бирок да айта кетчү нерсе, 1952-жылкы конференцияда “Манас баскынчы” деп сүйлөгөн башкы докладчы, шектүү Боровковго Калим Рахматуллиндин “Улуу патриот, укмуштуу Манас” китебин каршы коюп сүйлөгөн бир да оратордун болбогондугу таңгалдырат. Дагы бир таңгалычтуусу, китептин ошо 1942-жылы чыккан бойдон кайра басылбай, архивде кала бериши. 


8. Биринчи жолу илим сөзү менен жүздөрү ачылган Бакай, Каныкей, Кошой, Алмамбет

Дагы бир белгилей турган нерсе, Калим Рахматуллин эпоско тарыхый жагынан гана эмес, ага көркөм чыгарма катары да караган. Мындайча айтканда, китебинде тарыхый-социалдык талдоодон барып, адабий-көркөм талдоого, иликтеп жаткан объектисине эстетикалык мамилеге өткөн. “Манастын” көркөм баян катары касиеттерине, поэтикалык өзгөчөлүктөрүнө мындан мурда Касым Тыныстанов менен Ташым Байжиев да учкай токтолушкан. Бирок Калим Рахматуллин манастаануунун тарыхында “Манастын” көркөмдүк-образдык байлыктарына алгач ирет кыйла кенен талдоо салган. Бир сөз менен айтканда, К.Рахматуллиндин китебинин жаңылыгы биринчи жолу эпостун борбордук каармандарынын образдарын талдоого алгандыгында болгон. Борбордук каармандардын жарандык, баатырдык, каармандык, бийик адеп-ахлактык сапаттарын ачып көрсөтпөй туруп, Ата мекендик согуш майданындагы жана ооруктагы элди патриоттуулукка, мекенчилдикке, өлкөнү коргоого үндөө жемиштүү болбос эле.

К.Рахматуллин эпикалык тексттен алынган мисалдар менен Манастын, Бакайдын, Каныкейдин, Кошойдун, Алманбеттин образдарын чечмелеп, алардын рухий, патриоттук кыскача портреттерин кыйла ынанымдуу тартып берүүгө жетишкен. Бул жерде автордун сиңирген эмгеги улуу эпостун негизги каармандарынын образдарында камтылган рухий адеп-аклактык, улутмандык, мекенчилдик баалуулуктарды даңазалагандыгында жана бул аркылуу калайык-калкты Манастын духунда тарбиялоого салым кошкондугунда. 


9. Калим Рахматуллин улуу Манастын портретин кандайча тарткан?

Манастын образын анын тышкы көрүнүшү менен ички сапаттарын айкалыштырып мүнөздөгөнү К.Рахматуллиндин чеберчилигин күбөлөп турат. Рахматуллин адегенде “кара таштай кайраттуу”, “айбатын көрсөң Ала-Тоо”, “ажыдардай түрү бар”, “кызыл жалын көзү бар, адам уулу тик баккыс” деп эпикалык апыртуулар менен коштолгон Манастын тышкы портретин тартып, анын чыныгы шер экенин мүнөздөп келип, андан соң баатырдын ички рухий кебетесин, адамдык улуулугун көрсөтүүгө, ак калпак ажо тыш жагынан сүрдүү болгону менен ич жагынан сулуу экендигин даңаза кылууга өтөт. Ал Сагымбай Орозбаковдун жарыялана элек вариантынан төмөнкү классикалык көркөм саптарды сууруп чыгып, биринчи жолу окурмандарга тааныштырган жана талдаган: 

“Алтын менен күмүштүн,

Ширөөсүнөн бүткөндөй.

Айың менен күнүңдүн,

Бир өзүнөн бүткөндөй.

Асман менен жериңдин, 

Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Асты калың кара жер,

Жерлигинен түткөндөй.

Ай алдында дайранын,

Толкунунан бүткөндөй,

Ободогу булуттун,

Салкынынан бүткөндөй.

Асмандагы ай-күндүн, 

Жаркынынан бүткөндөй...”

Калим Рахматуллин эпостордун дүйнөсүндө сейрек кездешкен мындай ажайып саптардын поэтикалык күчүнө суктанып да, тамшанып да отуруп, ушул укмуштуу ыр жолдорунан Манастын ички “эң сүйкүмдүү элеси” даңазаланып жаткандыгын жар салган. Автор саптардын көркөм кереметин кылдат баамдап, андан Манас Атанын жандүйнө айкөлдүгүнүн сүрөтүн көрө билген. Мындан аалымдын адабий табитинин сергектиги, көзүнүн көрөгөчтүгү туюлуп отурат.

 Дагы бир өзгөчөлүк, К.Рахматуллин Манастын тулпарын, курал-жарактарын, жоокердик кийимдерин баатырдын портретинин ажырагыс атрибуттары катары карап, буларды каармандан ажыратпай талдап өткөн. Башкы каармандын тышкы кебетесин, ички руханий болумушун, аскердик жабдыктары, Аккуласы менен ажырагыс бирдикте карап, Манастын комплекстүү, гармониялуу бир бүтүн баатырдык бейнесин түзгөндүгү, ошондой эле айкөлгө тарыхый инсан катары да, кыргыз элинин ак жаркын сапаттарын өзүнө топтогон көркөм тип катары да мамиле жасап, трактовкалаганы автордун окумуштуулук жетишкендиги болуп саналат.


10. Чолпонбай менен Дүйшөнкүл советтик комсомолдор гана эмес, биринчи иретте Айкөл Манастын баатыр урпактары

“Улуу патриот, укмуштуу Манастын” артыкчылыгы эпосту фольклордун алкагына камабай, аны турмуш менен байланышта чечмелендигинде. Чолпонбай Түлөбердиев менен Дүйшөнкул Шопоковдун фронттогу эрдиктеринен советтик тарбиянын гана жемишин көрбөстөн, Манас атанын баатырдык-патриоттук рух салттарынын урпактарда уланып жаткандыгын, тарыхый өтмө-катыштыктын, уланмалуулуктун мыйзамынын жандуу аракетте тургандыгын көрө билиши К.Рахматуллиндин окумуштуулук даанышмандыгын айгинелейт. “Улуу патриот, укмуштуу Манас” китебинин тарыхый мааниси – эпос негизинен кол жазма түрүндө архив фондусунда туруп, томдор түрүндө элге жете электе, анын ичиндеги гуманисттик, патриоттук нарк-дөөлөттөрдү бери алып чыгып, аларды алгач жолу калк арасына жайылткандыгында. Китеп бүгүн да актуалдуу.


11. Классикалык чоң манасчылардын кайталангыс бейнелери – К.Рахматуллиндин манастаануудагы ийгилиги


Калим Рахматуллинди манасчылардын алгачкы биографтарынын бири деп эсептейбиз. Буга ошол эле 1942-жылы басмадан чыккан “Манасчылар” китебин күбө тартууга болот. Бул китепке Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Жаңыбай, Шапак сыяктуу классикалык манасчылардын өмүр баяндары, баскан жолдору жөнүндөгү өтө сейрек кездешкен, уникалдуу, кызыктуу материалдар топтолгон. Китептин мааниси, кызыктуу өмүр баян хронологиясы менен гана өлчөнбөстөн, эң негизгиси, ошол биографиялык материалдардын К.Рахматуллиндин мазмундуу, чечмелөөлөрү, ой жүгүртүүлөрү, илимий түрдөгү трактовкалары, комментарийлери менен коштолгондугунда жатат. Китептин кайталангыс касиети – өмүр баян материалдарынын манасчылардын туугандарынын, замандаштарынын, бирге жүргөн сырдаштарынын жана манасчылардын өздөрүнүн оозунан жазылып алынгандыгында. Ошондой эле “Манас” фондусуна жаңы эле топтолгон жомокчулардын өмүр таржымалдарын “ысуулай” пайдаланылгандыгында болуп саналат. 1942-жылы жарык көрүп, ошол бойдон кайра басылбаган бул китепте, маселен, Чоюкенин Таласта, Сокулукта кээ бир манаптардын короосунда манасчы болуп иштегендиги, манасчы-жомокчу деген өнөр эл ичинде өзүнчө кесип катары саналып ардакталгандыгы, Чоюкенин “Манасы” бир учурда кагазга жазылып алынгандыгы, Сагымбай Орозбаковдун турмушта чындыкты тайманбай бетке айткан, элдин эсебинен туйтунуп жаткан советтик “чоңдорду” ачык сындаган, атүгүл ак падышага да учурунда терс сөзүн билдирген, Ормон ханды улуттук лидер катары эсептеген, кыргыз элинин эгемендүү мамлекет болушун эңсеген, атуулдук-жарандык, мекенчилдик духу күчтүү инсан болгондугу (бул малыматтар агасы Алишердин айтуусу боюнча жазылып алынган) сыяктуу ушул күнгө чейин эч кимге белгисиз көптөгөн сейрек фактылар орун алган. “Манасчылар” китеби манасчылардын биографиясын үйрөнүүдө өзүнчө бир табылгыс булак. К.Рахматуллин китебинде манасчылардын инсандык өзгөчөлүктөрүнө токтолуу менен ар бир манасчы эпосту өзүнүн стили мене айтарын белгилеп, эл оозунан жыйналган варианттардын ичинен көркөмдүк жактан эң коозу С.Орозбаковдун варианты экенин көрсөтүп өткөн. К.Рахматуллин манасчылардын “түш көрүү” маселесине да биринчилерден болуп кайрылып, түш көрүүнүн психологиялык, социологиялык жагына көңүл буруп, проблеманы кыйла илимий нукта чечмелеп, “арбак даарыгандыктан” манас айтып калдым деген ишендүрүүнүн реалдуу негизи жок экендигин, манас айтуу мурдагылардан үйрөнүү аркылуу боло тургандыгын ырастаган. Жыйынтыктап айтканда, “Улуу патриот, укмуштуу Манас”, “Манасчылар” китептери манастаануунун актуалдуу маселелерин көтөргөн, улуу эпосту үйрөнүүнү кыйла илимий нукка салган келечектеги изилдөөлөргө тематикалык-проблематикалык, багыттарды, Манастаануу маселелерин чечмелөө ишине тарыхый жана эстетикалык мамиле жасоонун өрнөктөрүн көрсөткөн көрүнүктүү эмгектер болуп эсептелет. 


12. Ломоносов атындагы университетте жакталбай калган диссертация

Адабиятчы, сынчы Калим Рахматуллин “Кыргыз совет адабиятынын очерктери” аттуу китептин да (1943) авторлорунун бири. Ал “Кызыл Кыргызстан” гезитинин жооптуу редактору, Кыргызмамбастын директору, тил адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Түгөлбай Сыдыкбевовдун “Жол” романындагы эскерүүсүнө караганда, Калим Рахматуллин тарыхый кругозору кеңири, билимдүү, кыргыздын интеллигенциясынын сап башында турган акылгөй инсан болгон. Ал “Манас жана Алманбет” деген пьесаны да жазып калтырган. Москвадагы Ломоносов атындагы университет кабыл алган “Манас” эпосу, манасчылар жөнүндөгү диссертациясы, аалымдын каза болгондугуна байланыштуу жакталбай калган...


Советбек Байгазиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер