Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рахманкул Мендекеев: “Апас Жумагуловдун сунушу өткөндө, ишканалар таланып-тонолмок эмес”

Рахманкул Мендекеев: “Апас Жумагуловдун сунушу өткөндө, ишканалар таланып-тонолмок эмес”

03-апрель, 19:30
4 112 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин башкы адисин кепке тарттык.                               

-- Рахманкул Абдымананович, сиз мамлекеттик кызматта эмгектенген 40 жылдын ичинде республикадагы белгилүү көп инсандар менен иштештиңиз. Ошолордун ар бирине кыскача мүнөздөмө бере аласызбы?

-- Берсе болот. Абсамат Масалиевичтен баштайын. Абдан жөнөкөй киши болчу. Жогорку кызматтагы адамдын алдында турганда адатта апкаарыйсың го, Масалиев менен жолукканда андай сезим болбойт эле. Кыраакылыгы да бар эле, ойлонуп сүйлөчү. Бир гана кемчилиги – ашкере сактыгы. Өз алдынча чечим кабыл алгандан тартынып турчу. Ошондон улам ал жөнүндө “кеңешели”, “көрөлү” деген анекдот да чыгарып ийишпедиби. Матен Сыдыкович абдан катуу болчу. Эчтекеден кайра тартчу эмес. Бирок, акырын байкап, артын карап иш кылчу. Жумгалбек Аманбаев болсо артын карачу эмес. Кимдир бирөө каршы чыгып атабы “жазала, мен жооп берем” деген киши эле. Насирдин Исанович абдан шайдоот, бирок, чечкиндүү болчу. Маселени “кийин көрөлү” дебей, ошол жерден чеччү. Кеңешип, оюңду билип, тактоочу суроолорду берип, абалды ылдам териштирип алчу. Туура же туура эмес болобу, айткан сөзүнөн кайтчу эмес. Жоопкерчилигин кошо ала жүрчү. Анан жакшы кадрларын калтырчу эмес, такай өзү менен кошо сүйрөп кетчү. Ал киши Ысык-Көл облустук аткаруу комитетин жетектеп турганда, мен Ат-Башы райкомунда бөлүм башчы катары курулушка кураторлук кылчумун. Объектилерди чогуу кыдырчубуз. Кийин ошолордун ар бирин эстечү, “балан же түкүн объектиде жумуш жасалып атабы?” деп сурачу. Ушундай сапат Апас Жумагуловичте да бар эле. Кыргызстандын кайсы жеринде кандай таш жатканына чейин билчү да.

-- Бирок, ал кишини “бир аз өзүмчүл болчу” деп айтышат...

-- Андай эмес. Мен бир эле далил айтайын. Чүйдүн губернатору, өкмөт башчы болду, бирок “башкалар нааразы болбосун” деп өзүнүн айылына суу түтүгүн чыгарган эмес. Өзүмчүл болгондо чыгарып коймок да. “Бүт завод, фабриканын баарын инвентаризациялоодон өткөрүп, заман оңолгончо жаап туралы” деген, натыйжада, анын сунушун эч ким колдобой коюшпадыбы. Ишканалардын баары таланып-тонолуп жок болду. Убактылуу жаап турганда, эч ким тиймек эмес.

-- Кандай дейсиз, эски советтик системанын жакшы жактарын азыр деле колдонсок болобу?

-- Советтик системанын идеологиясын эле алып салса, ага азыр деле теңдеш жок. Бир тапшырма эки жолу айтылчу эмес да. Азыркыдай тапшырманы берип, артынан кайра кат жазып, анан телефон менен эскертип... Анда эле баркы кетет да. Бир эле жолу айтылчу, анан аткарбай көр эмне болор экенсиң. “Кара тизмеси” жок эле экинчи жумушка кирбей калчусуң. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер