Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев: “Коррупционерди мамлекеттин чыккынчысы катары элге жеткизели”

Замир Айылчиев: “Коррупционерди мамлекеттин чыккынчысы катары элге жеткизели”

03-апрель, 09:00
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысынын орун басары менен маек.

-- Коррупцияны жоюу боюнча кандай жаңы кадамдар жасалып жатат? Үмүттөнсөк болобу?

-- Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши баардык министрликтерде бюрократияны жоюу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге өткөрүү боюнча көчмө жыйындарын уюштурууну баштады. Мамлекеттик кызматтардын функциясын аутсорсингге берүү аркылуу өлкөдөгү коррупциялык элементтердин санын кескин түрдө кыскартып, жарандар убактысын текке кетирбей, тез арада керектүү документтерин ыкчам, сапаттуу жана төмөнкү баада ала алышат. Бирок көзөмөл мамлекетте болот. 

Коррупцияны түп-тамырынан жоготуу кыйын, бирок кыскартса болоруна терең ишенем. Коррупция дүйнөнүн биринчи экономикасы деп саналган АКШда дагы бар. Болгону коррупция боюнча жарандарга ар тараптуу пайдалуу маалыматтарды бөлүшүп, алардын аң-сезимине “коррупция алган же берген адам бул мамлекеттин чыккынчысы” деген түшүнүктү жеткирүү зарыл.

Мындан сырткары, мамлекеттик мекемелердин баарын заманбап жаңы технологиялык жабдыктар менен камсыздоо керек. Албетте, бул нерсе дагы адамдык ресурстун жоктугунан коррупциянын кескин азайышына алып келет.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер