Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматтуу нарындык туугандар, укум-тукумдун келечегин ойлоп, Жетим-Тоону иштетүүгө бербегиле!

Урматтуу нарындык туугандар, укум-тукумдун келечегин ойлоп, Жетим-Тоону иштетүүгө бербегиле!

21-март, 19:16
3 665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жумакадыр аксакал “бир жума мурун Нарынга барсам, жергиликтүү эл өзүнчө кудуңдап сүйүнүп, “быйыл жаздан баштап Жетим-Тоо кени казылып, комбинат курулуп, үч миң жумушчу кабыл алынып, 40-50 миң сом айлык, үч маал тамак-аш берилет экен. Ажобуз убадасына турса болду” деп сүйүнүп жатышат” дейт. (“Азия Ньюс” 26-январь 2023-жыл). 

Кудуңдап сүйүнүп, кубанбай эле койгула, урматтуу нарындык бир туугандар! Эгерде Жетим-Тоодо темир кени казыла баштаса, экинчи Кумтөр болосуңар. Садыр Жапаров канадалык жырткычтарга окшогон чет өлкөлүк фирмага берет. Кумтөрдөгүдөй күнүгө жардыруу менен тоону талкалап киришет. Жер алдындагы уу заттар менен тумандай каптаган калың чаң жайытыңарды чөлгө айлантат. Бул биринчиси. Экинчиден, алынуучу кенди таш-кум, топурактан тазалап алуу үчүн цианид баштаган уу заттарды колдонушат. Акчага кызыгып иштегендер ден соолугунан ажырап, 50 жаштын аржак-бержагында жарыкчылык менен кош айтышат. Үчүнчүдөн, балдар майып болуп төрөлөт. Төртүнчүдөн, эркектер тукумсуздук кеселине кабылат. Бешинчиден, жайыттар чөлгө айланат. Жайыттан ажырагандан кийин машина мингизип, үйүңөрдү евро кылып кооздотуп жаткан төрт түлүк малдан ажырап, колуңарды мурдуңарга тыгып отуруп каласыңар.

Кен казуу бул утурумдук эле иш. Көп болсо 15-20 жылда казылып бүтүп, Жетим-Тоонун ордунда ууланган таш, кум менен топурак гана калат. Ал эми жайыт менен төрт түлүк мал силерди түбөлүк бага турган ырыскыңар. Маселенин ушул жагын терең ойлоп койгула. 

Кумтөр алтын кени ачылгандан бери майып болуп төрөлгөн балдардын саны 2018-жылы 80 миңге жетти деп билдирген “Санжыра” радиосу. Ушул жылы Жогорку Кеңештин депутаты Рада Түмөнбаева сессияда “урматтуу депутаттар, экономика деп улуп-уңшуп айтканыбыз менен андан майнап чыгарган жокпуз. Тез арада экология маселесин карабайлыбы? Майып болуп төрөлгөн балдардын саны 80 миңден ашып баратат” деген энелик жүрөгү сыздап. Бирок бир дагы депутат буга көңүл бурган жок. “Балдар майып болобу же жок болобу, биз Кумтөрдөн доля (үлүш) алышыбыз керек” дегенсип, бири да унчуккан эмес. Кыргыз гана эмес, бүткүл түрк элине белгилүү акын Омор Султанов 2020-жылдагы “Ала-Тоо” журналына:

Берген өңдүү Кумтөр алтын кенимди,

Беребизби пайдага кереметтүү көлүмдү.

Макул элем башкасынын баарына,

Балдар жатат майып болуп төрөлүп,- деп жүрөгү сыздап жаган. Ал кичи мекени Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын батыш жагындагы Улар-Таш деген жерге барып, улар үнүн угуп, ошондон акындык эргүү алып, анан кетчү экен. Бир жолу кетип баратып Улар-Ташка барса, жымжырт, “Улар-Таш улардын бейити болуп калыптыр” дейт. Мына цианиддин күчү! 

Цианид уусунан улам эркектерде тукумсуздук кеселинин жылдан жылга өсүп баратканы ачык айтылбаганы менен эл ичинде кеңири белгилүү. Биз жашаган Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылы Ысык-Көлдүн күнгөй тарабында, Балыкчы шаарынын күн чыгыш жагында жайгашкан. 200 гектардан ашык сазы бар, цианид чыккандан бери чардап жатчу бака жоголду. Алтургай бассаң-турсаң кездешкен жылан да жер бетинен көрүнбөй калды. Жаз мезгили келери менен пайда болгон чыйырчык, чабалекей да келбей калды. Бир кезде көлдүн бетинде ойноп секирип турчу чабак балыгы көзгө сүртүүгө зар кылды. Алымбек Корообаев ырдаган ак чардак тыйпыл жок болгон. Балыгы сүзүп жүрбөсө, каз-өрдөк конбосо, келгин куштар келбесе, көл дагы жетим болот экен. Бүгүн касиеттүү Ысык-Көл жетимсиреп турат. 

Советтик геологдор Кумтөр алтын кенинин канча жылдык запасына чейин эсептеп чыгып, мына-мына каза турган болгондо экологиялык эксперттер “эгерде Кумтөр алтын кени казыла турган болсо, экологиялык катастрофа болот” деп жыйынтык чыгарып, эскертүү бергенден кийин коммунисттик партия жетекчилик кылган Совет өкмөтү алтын кенин казууга катуу тыюу салып койгон.

Аскар Акаев физик, академик болуп туруп “экологиялык катастрофа болмок турсун, Кыргызстан астын-үстүн болуп калса да мейли” деп, ошол кездеги каршы болгон премьер-министр Насирдин Исановдун көзүн тазалап, Кумтөр алтын кенин канадалык жырткычтарга бербедиби! Алар Нарын дарыясынын негизги өзөгү болгон түбөлүк мөңгүлөргө чейин талкалап салышты.     

Күндөрдүн биринде касиеттүү Шабдан баатырдын көздөй небереси Аманов Ажекпар атага (ал 1905-жылы туулган, чоң атасы Шабдан баатырды көргөн, Чоң-Кеминде туулуп-өскөн киши) барып, “ата, Аскар Акаев деген ким? Келери менен завод-фабриканы талкалап, айыл чарбасын чачыратып, элдик байлыкты жоо чапкандай талоонго салды го?” деп сурадым. “Балам, Аскар Акаев сарыбагыш да, кыргыз да эмес. Анын түпкү атасы чоң кылмыш жасап, казактан качып келип, Токо деген атабыздын колунда туруп калган Абыла деген киши болгон. Анын укум-тукуму Чоң-Кеминде өзүнчө бир урук болуп турат. Эркек канына тартпай койбойт. Түпкү теги кылмышкер, качкын болсо, Аскар Акаев кыргыздын байлыгын чачпаганда, жыйнамак беле?” деп сырдуу күлүп койду.

Түбөлүк мөңгүнүн талкалануусунан Нарын дарыясынын сайындагы ташы көрүнүп, суу дээрлик азайып кетти. Ошондуктан светти кышкысын бат-бат өчүрүүгө туура келип жатат. Бирок Кыргыз өкмөтү Кумтөрдүн кесепеттери жөнүндө элге ачык айтпай, дайыма жашырат. Себеби, өздөрүнө түшкөн пайдадан ажырап калгылары келбейт. Элдин келечегине балта чапкан жогорудагыдай ачуу чындыкты 70 жаштагы мен айтпасам, анан ким айтат?! 

Урматтуу нарындык туугандар, укум-тукумдун келечегин ойлоп, Кумтөрдөн туура жыйынтык чыгаргыла жана Жетим-Тоону иштетүүгө бербегиле! Башында айтпадымбы, Жетим-Тоодон ажырасаңар, өзүңөр да жетим болуп каласыңар!


Мукан Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Кан Кошой көчөсү, №19 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер