Жамин Акималиев: “Министр Аскарбек Жаныбеков каратып туруп Садыр Жапаровду алдап койду”


Айыл чарба илимдеринин доктору, академик менен учурдагы орчундуу көйгөйлөр боюнча маектештик.
-- Жамин ага, айыл чарба жаатында адис катары айтсаңыз, жакында эле президент Садыр Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алып, отчетун укту. Сизде кандай ойлор калды?
-- Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун президентке берген отчетун көрүп, жаныман түңүлдүм, көңүлүм чөгүп, аябай капа болдум. Анткени «калптын казаны кайнабайт» деген элдик макал так ушул Жаныбековго тийешелүү экендигине көзүм жетти. Президенттин түз жана таамай берген орчундуу суроолоруна «баары жакшы, ойдогудай, айыл чарбасында эч кандай көйгөй жок» деген мааниде жооп берип, оңой эле кутулуп кетти. Ишинин жыйынтыгы жок, бирок тилинен чаң чыккан министрдин айткандарына президентибиз ишенип калгандай болду. Адис катары кейигеним, эгерде Аскарбек Жаныбеков мамлекеттик деңгээлде президентке жалган сүйлөп, аны ынандырса, анда айыл чарбабыз «окончательно» артка кетип, соодасы бүткөн экен да.
-- А чынында андай эмеспи?
-- Чыркыраган чындыкты айтсак, айыл чарба министрлиги жазгы талаа жумуштарына эч кандай кам көргөн жок. Бул маанилүү кампаниянын ишке ашышы баягы эле байкуш дыйкандардын мойнунда. Алар өздөрү менен өзү, министрликтен үмүтүн эбак эле үзүп коюшкан. Жаз келер менен жерлерин айдап, эгин-чөбүн сээп, арыктарын тазалап, аракеттерин жасап жаткан учуру. Үрөндү, күйүчүү май менен жер семирткичтерди жана тийиштүү техниканы деле өздөрү таап, эптеп-септеп оокат кылып жатышат. Деги эле өткөн жылы дыйкандардын чеке тери менен жаралган ийгиликтерине айыл чарба министринин эч кандай тийешеси жок. Ошого карабастан министр Жаныбеков президент Садыр Жапаровду “быйылкы жылы айыл чарбасында эч кандай көйгөй болбойт” деп ишендирди. Алдады. А чындыгында көйгөйлөр чачтан көп.
-- Мисалы?
-- Айталы, министр “сапаттуу үрөн менен толук камсызбыз” деп карандай калпты айтты. Бетине кармаганы: былтыр мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1,5 миллиард сом бөлүнүп, Россия Федерациясынан сатылып келинген уруктардын калдыгы. Ал 5 миң тонна. Бизге болсо жалпы жонунан 60 миң тонна урук керек, министрдин аны менен иши жок. Жогоруда айтылган 5 миң тонна сырттан келген урук сапатын жоготуп, өнүмдүүлүгү 50 пайызга чейин төмөндөп кеткен. Ошого карабастан андай начар үрөндөрдүн 1 килограммын орто эсеп менен 50 сомдон сатууга коюшкан. Өзүбүздүн атамекендик уруктарыбыз 30 сомдон ашпайт, бирок каражаттын жоктугунан өлкөбүздүн үрөн чарбалары өнүгө албай жатат. Ошолорду өркүндөтүүнүн ордуна миллиарддаган каражаттар (Россиянын) биздин шартка туура келбеген уруктарынын сортторун сатып алууга жумшалды. Анысы аз келгенсип, ал жактан келген арпанын «вакула» деген сортунан «кара көсөө» деген жугуштуу жана өтө коркунучтуу илдет чыгып, Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүнө тарап кетти.
-- Минералдык жер семирткичтердин абалы кандай?
-- «Минералдык жер семирткичтер боюнча да бизде маселе жок» деп министрдин айтканы да калп! Биринчиден, айыл чарба министрлиги (башка алыс өлкөлөрдү айтпай эле коёлу) жаныбызда турган Өзбекстандан да 1 килограмм жер семирткич алып келбейт. Сырттан ташылып келинген жер семирткичтерди жеке менчик мекемелер камсыз кылышат. Бирок алар баардык дыйкандарга жетпейт жана баасы бир топ эле кымбат. Эгерде бир жылга биздин республикабызга 310 миң тонна минералдык жер семирткич керек болсо, бизге болгону 70 миң тонна гана өлчөмдө келет. Ушунун кесепетинен жерлерибиз арыктап, асылдуулугун жогото баштады.
-- Жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү техникалар жана күйүүчү майлар деген бар эмеспи?..
-- Министрдин «күйүүчү майларды дыйкандарга арзан баа менен берип жатабыз» дегени дагы чындыкка дал келбейт. Жер-жерлерде 1 литр майды 75 сомдон сатып алып жатышат. «Жаңы техникаларды 3 миллиард сомго лизингге алып, дыйкандарды жыргатып жатабыз, эки жылда эки жарым эсе көп техника бердик» деген сөзү дагы калп! Аларды бай-манаптар эле алып жатса керек. Айыл-кыштактарда дыйкандар пайдаланып жаткан айыл чарба техникасынын 90 пайызы эскирип бүткөн, алды чирип калган.
-- Дыйкан чарбалар мамлекеттен арзан пайыздагы насыяларды алып жатканынан кабарыңыз барбы?
-- Президенттин «6 пайыз менен мамлекет берип жаткан арзан насыя карапайым элге жетип жатабы?» деген суроосуна министр Жаныбеков «баары жайында» деген мааниде жооп берди. Муну кайсы бети менен айтты? Алдын ала эсептөө боюнча былтыркы жылы берилген арзан кредиттерден республикабыздагы 500 миң дыйкан чарбаларыбыздын 2,5 пайызы гана каражат алган. Ал эми калган 97,5 пайызы насыя акчаларды алмак тургай, аларды көргөн дагы эмес. Эмне үчүн айыл чарба министрлиги дыйкандарыбызга атайын бөлүнгөн арзан кредиттердин максаттуу пайдалануусун камсыз кыла алган эмес? Мындай суроону президент кабыргасынын койду. Министр болсо, кобурап-жобурап жатып, андан да кутулуп кетти.
-- Сугат маселесинде да орчундуу көйгөйлөр барбы?
-- Былтыр ирригацияга мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Ал эми быйыл 2 миллиард сом берилип жатыптыр. Кептин баары ушундай ири суммадагы акчалардын туура пайдаланылышында. Министр Жаныбеков «муну дагы катырып жатабыз» дегендей жооп берди. Натыйжада, «суунун жокко кетүүсү 10 пайызга азайды» деп айтты. Жер-жерлерге барсаң, тазаланган каналдарды көрө албайсың. Алардын баарын чөп же ылай басып кеткен. Натыйжада суунун 50 пайызы коромжуга учурап, талаага толук жетпей жатат. Андай болсо, алынган каражаттар кайсы жакка жумшалды? Садыр Жапаров «сугат системасынын баардык каналдары жана арыктары айыл чарба министрлигинин балансына алынышы керек» деген туура маселени койду. Эми ушул милдетти министр ишке ашыра алабы? Көзүм жетпейт...
-- Жайыт жерлерди туура жана натыйжалуу пайдалануу жагында көп маселелер бар эмеспи...
-- Министр Жаныбеков Садыр Жапаровго дагы бир укмуштай жомокту айтты. Жайыттарды кыскартуунун эсебинен жакынкы жылдарда республикабыздын айдоо жери 1,5 эсеге көбөйөт экен. Башкача айтканда, 660 миң гектар жайыт дароо эле айдоого айланып, ал жерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүн жайгаштырат экенбиз. «Укмуштуунун төөсү жорго» деген мына ушул. Биринчиден, 660 миң гектар өлчөмүндөгү жайыттар эрте жазда жана кеч күздө элеттиктердин малына аябай керек, ансыз мал жутка учурайт. Экинчиден, эбегейсиз көп өлчөмдөгү жайыттарды өздөштүрүп, ага өсүмдүктөрдү өстүрүш үчүн биздин шартта биринчи кезекте суу керек. Ал эми сууну алып барыш үчүн арык жана канал куруу зарыл. Суу менен каражатты кайдан табабыз? Ал үчүн канча жыл керек? Эми калп айткандын дагы чеги болуш керек да! Чындыгында, 660 миң гектар жайытты айдоо жерге айлантууну коё тур, азыр колубузда турган 1 миллион 200 миң гектар эски айдоо жердин 40 миң гектары жыл сайын пайдаланылбай кысыр калып жатат. Анын себеби, дыйкандарга каражат, техника, күйүүчү май, сапаттуу үрөн жана жер семирткичтер жетпейт. Жараткан бекер берген берекелүү жайыттарыбызды жасалма түрдө азайтып, мал чарбасына зыян келтиргендин ордуна, адегенде ошол 40 миң гектар бош жаткан айдоо жерин толук өздөштүрүп албайбызбы?
-- Сиз ар дайым азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бөлүп, тийешелүү сунуштарыңызды айтып келесиз. Бирок, айыл чарба министрлиги бир да жолу көңүл бөлүп реакция кылбайт...
-- Кептин баары да ошондо болуп атпайбы! Анан президент Жапаровдун «министрликтин негизги милдети – бул тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, ал кандай чечилип жатат?» деген суроосуна министр Жаныбеков «баардыгы ойдогудай болот» дегендей жооп берди. Каратып туруп карандай калп айтты! Анткен себеби, азыркы учурда республикабыз муктаж болгон азык-түлүктөрдүн 70 пайызын биз сырттан сатып келип, өзүбүз 30 пайызын гана өндүрөбүз. Ушул дагы ишпи? Коомчулук «айыл чарба министрлигинин кереги жок, аны жоюп салуу талапка ылайык. Министрликте иштеген 11 миң кызматкерге кеткен акчаны дыйкан-фермелерге бергиле, ошондо пайда көп болот» деп бекеринен жазышкан жок.
-- Акыбал оор экен, кандай тыянак чыгарсак болот?
-- Чыркыраган чындык мына ушундай. Демек, бул оор акыбалдан чыгып кетиштин эки гана жолу бар. Биринчиси – Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан өз каалоосу менен кетип калышы керек. Экинчиси – ал аны каалабаса, анда президент Садыр Жапаров Аскарбек Жаныбековду ээлеген кызматынан бошотушу зарыл. Башка жол жок.











