Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качандыр бир өмүр өтүп кеткичекти, Унуталбайм, мен сени сүйө берем

Качандыр бир өмүр өтүп кеткичекти, Унуталбайм, мен сени сүйө берем

15-февраль, 19:30
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Француз пианисти Ричард Клайдермандын өмүр тарыхы 1953-жылы 28-декабрда башталган. Анын биринчи музыкалык билим берген адамы атасы болгон. Ден соолугунун начарлыгынан улам жеке музыка сабактарды өз алдынча алган. Ар дайым ал атасына келген окуучулардын жанында болуп, роялдын сыйкырдуу дабышын эшитчү. Ал өткөн күндөрдү "төрөлгөнүмөн баштап мени музыка курчап алды. Биринчи ирет 3-4 жашымда сыйкырдуу роялга кол тийгиздим” деп балалыгын эскерет. 

Ричард 12 жашында Париж консерваториясында билимин улантат. Төрт жылдан соң жаш пианисттердин конкурсуна катышат. Пианисттин жашоосундагы кескин өзгөрүүсү 1976-жылы болду. Ошол жылы "Delfine" үн жазуучу компаниясынын продюсери Поль де Сенневиль анын кызына жазган "Аделина үчүн баллада" чыгармасын аткартууга таланттуу пианист издешет. Алар Ричард Клайдермандын талантына таң беришип, ага токтолушкан. Аталган чыгарма Ричардга болуп көрбөгөндөй атак алып келип, дүйнөнүн 30 өлкөсүнө 22 миллион нускада тараган.

Ричард дүйнө жүзүнө тараган “Романтикалуу Америка”, “Азыраак түнкү музыка”,   ж.б. керемет чыгармалары менен дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандарды топтогон. Анын керемет музыкасына сыйкырланып төмөндөгүдөй  ыр жаратышкан.


Бөтөн шаар түн бир оокум жүрөм жалгыз,

Төккөн жамгыр жашырат көз жашымды. 

Муздак шамал муңдуу жүзүм аймалайт,

А мен болсо кайталаймын атыңды.


Балким бекер издеп жүрөм изиңди,

Балким түндө бекер эле жалгызмын.

Балким бекер сен деп азап тартамын,

Балким бекер мен боздогон айсыз түн.


Жамгыр гана кайгымды түшүнгөнсүйт,

Шамал гана сүйүү сымал шуулдайт.

Сенин сыйкыр үнүңдү укмайынча,

Мөлтүрөгөн көз жаштарым жуулбайт.


Жамгырлуу да, муздак дагы муңдуу түн,

Түн кайтарып жапжалгыз жүрө берем.

Качандыр бир өмүр өтүп кеткичекти,

Унуталбайм, мен сени сүйө берем. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер