Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жаз айларында саясый чыңалуу болбойт”

“Жаз айларында саясый чыңалуу болбойт”

16-январь, 19:30
418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Учурда оппозиция өкүлдөрү камакта отурушат. Алардын мындан аркы тагдырларын кандайча элестетебиз? Жазга карай кырдаал тынч эле болобу?” деген суроо салдык.

Качкын Булатов, укук коргоочу: 

-- Ооба, оппозиция өкүлдөрүнүн баары камакта жатат. Кыргызстанда оппозицияга баш-көз боло турган лидер жок. Биздин мамлекет демократия баалуулуктарына багыт алган өлкө болгондуктан, оппозиция, конструктивдүү күчтөр болушу керек. Оппозиция – мамлекеттин күзгүсү. Алар бийликтин туура эмес иштерин, кыйшык жерлерин сынга алып айтып турганы оң. Бийликке сын айткандардын баарын камай берсе, өлкө авторитардык режимге өтүп кетүү коркунучуна кептелет. Андан аркысын биз эгемендик алган 30 жылдан берки “түшүмүн”, тагдырын көрүп келатабыз. Тырмооктун башын кайра-кайра баса бергенден, бийликтин бат-бат алмашусунан алдыга карай өсүү болбой турган жагы да бир канча ирет тастыкталды. Ошондуктан оппозициянын болуп турганы жакшы. Көздү ачып-жумгуча эле жаз келет. Эгер өлкөбүздө элдин кыжырын келтирген камоолор токтобосо, чыңалуулар күч алып кетиши ыктымал. Апогейине жетпесе экен, элибиз жазында өзүнүн жай турмушу менен алек болуп, өлкөбүз тынч болсо (!) деп тилек кылалы...

Адил Турдукулов, саясат талдоочу:

-- Акыркы камоолор, медиага карата басым, митингдерди чектөө, депутаттарды тизгиндөө – бир гана Кемпир-Абад суусактагычы менен байланыштуу болгон. А мунун артында темир жол, газ тутуму, курулуш маселеси турат. Көйгөйлөр арбын. Негизи кыргыз бийлигинин өзгөрүүсүнө, тандем үчүн приоритеттүү маселе. Аныгында саясый талааны тазалоо жүргүзүлдү. Бул узакка созулбайт деп ишенгим келет. Мирзиёев келип, документтерге кол коюлгандан кийин куугунтуктоо токтоп, камактагылар бошотулса керек. Ошондуктан жаз айларында саясый чыңалуу болбойт. Бирок бул долбоорлор ишке ашпаса, эл аларды кечирбейт.

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-- Азыркы кырдаалга көз салсак, өтө татаал болуп тургансыйт. Камактагы оппозиционерлер тууралуу Камчыбек Ташиевдин айтканына көңүл буруп көрөлү, “биз кечиримдүү болобуз, Кудай деле кечиримдүү болуп атат. Анан биз кантип Кудайдан өйдө болуп кетебиз?” деген сөзү менен камактагы оппозиционерлерди бошотуу жагын кыйытты. Бул сөздөр бекеринен айтылган жок. Менин оюмча, бошотуш керек. Кемпир-Абаддын маселеси чечилди, ратификация болду. Өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Ошол эле маалда бул чечимге каршы ойлор оппозицияда калды. Демек, ырбап кетүү жагы да жок эмес. Ал эми жазга карата кырдаал кандай болмокчу? Бул боюнча Акаевдин доорунда бизде мандем болуп калган, “жаз, күз, кыш” деп. Кийин Атамбаевден бөлөк президенттердин баарында ушул мөөнөттөр болгон. Демек, азыр айтып аткан нерсе – бул кандайдыр бир үмүт менен айтылып атат, өйдө жак угуш керек, эл менен бирге болушсун, баш кесмей бар, тил кесмей жок дегендей... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер