Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элиза Ажибаева: “Ар бир зомбулуктун артынан энелер, балдар боздоп калышууда”

Элиза Ажибаева: “Ар бир зомбулуктун артынан энелер, балдар боздоп калышууда”

30-ноябрь, 20:44
318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына караганда, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылууда. 

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90%ы түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген. 25-ноябрдан бери Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк өтүүдө. 

Биз “Аялдарга жардам” борборунун өкүлү Элиза Ажибаева менен ушул теманын айланасында маектештик.


-- Аялдарга зордук-зомбулук курчуп, жыл сайын көбөйүүнүн үстүндө. Кандай иштер тууралуу ой бөлүшө аласың?

-- Алсыз аялзатына болгон зордук-зомбулук азайбай келет. Учурда баардык жүктү көтөргөн аялзаты. Иштеп, бала-чакасын багып, кайын журтунун кызматын кылып, көч улантып да жатышат. Анан да зордук-зомбулук көрүп, таяк жеп, кызганычтын курмандыгы болуп өлүмгө да учурап жатышат. Ар бир күнү кайталанган өлүмдөр...

Баарыбыз кайдыгербиз. Кайдыгер гана катардагы маалымат катары окуп коёбуз. Бирок анын артында кандай трагедия жатат? Энелерин жоготуп балдар, балдарын жоготуп ата-энелер боздоп калышууда. Бул боюнча алдын ала ойлонуп, Жогорку Кеңештен керектүү мыйзамдар кабыл алынышы керек. 2013-жылы 175 кылмыш иши катталса, 2019-жылы 649 иш катталган. Негизинен аялдар менен кыздар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушат. 2014-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 2 миң 521 аял жана 98 эркек жабыркаган болсо, 2018-жылы 6 миң 562 аял жана 552 эркек жабыркаган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан кары-картаңдар жана жаш балдар жабыркаган учурлар да бар. Жыл сайын бул цифра көбөйүүдө. 

2020-жылдын август айынан бери уюм жергиликтүү коомчулукта үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө коомдук алдын алуу борборлорун жана аялдар кеңешинин мүмкүнчүлүгүн көтөрүү жана активдештирүү жаатында бир катар долбоорлорду ишке ашырдык. Көпчүлүк учурда аялдар милицияга эмес, жергиликтүү коомчулукка жана аялдар кеңешине кайрылышат. Биздин ишмердүүлүгүбүздүн алкагында үй-бүлөлүк зомбулук күн сайын өсүп жатканы аныкталды. Бишкекте 223 миң 258 адам жашаган 47 жаңы конуш бар. Анын ичинен биз 10 пилоттук жаңы конушту тандап алып, аялдардын укугун коргоо, гендердин теңчилик, жалпысынан адам укуктары жана долбоорлорду жазуу боюнча окутуучу тренингдерди өткөрдүк. Анын натыйжасында аялдар кеңеши менен биргеликте 10 долбоор ишке ашырылды: веложарыш, жаштар арасындагы талкуулар, форум-театр ж.б.


Жамиля Нурманбетова
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер