Акыркы кабарлар
» Коом » 30-июндан тарта Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери каралмакчы
30-июндан тарта Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери каралмакчы
29-май, 00:50


Тышкы иштер министрлиги мекендештерге Россияга кирүүнүн жаңы эрежелерин эске салды. Бул тартип 30-июндан тарта күчүнө кирмекчи.
Июндун акыркы күнүнөн тарта Россияга иштөө же окуу үчүн барууну пландаган кыргызстандыктар 72 саат мурда RuID тиркемеси аркылуу арыз тапшырышы керек болот. Өзгөчө кырдаалдарда (шашылыш дарыланууга туура келсе же жакындарынын бири каза тапса) арызды төрт саат мурда берүүгө уруксат кылынат.
Талап кылынган документтердин тизмеси менен расмий порталдан таанышууга болот.











