Айбек Жумагулов таасир жарата баштаса, начальнигин алып түшөбү?


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кризиске батып калдыбы? Начальник Азенбек Козукеев автокырсыктарды алдына алуу, кыскартуу машакатына шаасы жетпей, энергиясы түгөнө баштадыбы? Жол эрежелери, коопсуздук багытындагы үгүт-насаат, пропагандалык аракеттер коомчулукка жайылтылбай, идея, демилгелер какшыганбы? Өздүк курамдагыларга үмүт, дух берилбей, жумуштан качкандар байкалып, баары чаржайыт абалдабы? Түшүнүксүз бекен? Соболдор дагы уланат.
Мындай жагдайда орун басар Айбек Жумагулов тымызын жанданып, Азенбек Козукеевдин сырын билип алып, шалактап калган креслосуна ашыккан чагыбы? Катардагы кызматкерлерден жетекчиликке чейин ырааттуулук, биримдик болбосо, бири-бирин аңдышып эле компромат издешип жатышса, кайдагы ийгиликти айтабыз? Сыягы, Айбек Жумагулов таасир жарата баштаса, акыры начальнигин алып түшөбү? Кыскасы, далай интригалар “тумчугуп” жатса керек...











