Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкек мэриясы шаар тургундарын акысыз концерт көрүп кетүүгө чакырат
Бишкек мэриясы шаар тургундарын акысыз концерт көрүп кетүүгө чакырат
12-октябрь, 18:40


Маалым болгондой, концерт 16-октябрда саат 16:00дө “Ынтымак-2” сейил багынын амфитеатрында болот. КР президентинин иш башкармалыгынын алдындагы “Манас” президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт. Көркөм жетекчиси жана дирижёру КР эл артисти Эрнис Асаналиев.
Маданий иш-чара оркестрдин кайрымдуулук концерттеринин алкагында жана КР президентинин иш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Кирүү акысыз.










