Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй же батирди ижарага бергендер салык төлөшү керектиги эскертилди

Үй же батирди ижарага бергендер салык төлөшү керектиги эскертилди

03-октябрь, 16:59
259 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жеке жактын салык төлөбөй жүргөнү аныкталса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматы батир же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш экенин эскертти.

"Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Мындан улам мүлктү ижарага бергендерди салык төлөөгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кызмат турак жайын ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөр тууралуу маалыматы барларды (0312)61 31 89, (0779)61 31 89 (WhatsАpp), 116 телефондоруна чалып же аймактык салык органдарына билдирип коюуну өтүндү.

"Жеке жактын салык төлөбөй жүргөнү аныкталса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт", — деп жазылат билдирмеде.

2022-жылдын 8 айында батир же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 миллион сом өлчөмүндө салык төлөгөнү айтылды. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 миллион сомго көп.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер