Айсулуу Алмаз: “Кандай болсоңор, өзүңөрдү ошол бойдон жакшы көргүлө”
Канаданын Монреаль шаарында жашап, финансы тармагында ийгилик жаратып келаткан мекендешибиз Айсулуу Алмаздын кеңештерин сунуштайбыз.
-- Азыр мүмкүнчүлүк толтура. “Колумдан келбейт” деп айтуу уят. Дүйнөдө ар бир адамдын өзгөчөлүгү бааланат. Талант, билим жана эмгек сөзсүз бааланат. Андыктан даттанбай аракет кылыш керек.
-- Бул жакта адамдардын кичипейилдеги аябай таңгалдырды. Баарын чын жүрөктөн жасашат, рахматты дагы көздөрү жашылданып, сүйүнүп айтышат.
-- Канаданын өзүндө алган билим жана иштеген тажрыйба аябай бааланат. Мисалы, Бишкекте чоң ийгиликтерди жаратып жүргөн адисти бул жакта баалабай, “Канадада иштеген эмес экен” дешет, анан жумушу жок калуу ыктмалдуулугу да жогору. Андыктан, эмиграция кылып келгендер кайрадан окуганга туура келет. Аларга айтарым: бул жакка келерде бардыгын нөлдөн баштоого, болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга даяр болуп келсеңер, бактылуу болосуңар.
-- Эгер учурдагы кесибиңер силерге жакпаса, силердики эместигин сезсеңер, алмаштыргандан коркпогула. Бирок, алдын ала план түзүп алгыла. Жумуш – жашооңордун маанилүү бөлүгү, ал бакыт алып келиши керек.
-- “Эл эмне дейт?”, “эл үчүн жашайт элем”, “эл үчүн кийинет элем” деген нерседен арылганда, кадимкидей жеңилдей түштүм. Андан тышкары, адамдарга таарынбай калдым. Мурда аябай таарынчак элем. Бирөөлөрдөн бир нерсе күтө берчүмүн. Буларды жасабай калгандан бери бактылуу боло баштадым.
-- Бакыт – майда-барат нерселерде экен. Жөнөкөй нерселерге көңүл бура баштадым. Менин көп кийимдерим деле жок, жасанбайм деле. Ошолорго убакыт короткондун ордуна таттуулар менен чай ичип отурган мага көбүрөөк рахат алып келет.
-- Канчалык көп үйрөнгөн сайын көп нерсени билбей турганыңды сезе баштаган – нормалдуу нерсе. Кыйындарды көргөндө өзүңө болгон ишеним жоголот. Анан тытынып, баарын окуй баштайсың. Бирок, кайдыгерликке караганда ушул сезим жакшы. Аракет кылып, умтула бериш керек.
-- Кандай болсоңор, өзүңөрдү ошол бойдон жакшы көргүлө.
"Азия Ньюс" гезити