Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казыбек казалчы советтик чек арачыларды өлтүрүп, Кытайга кире качкан

Казыбек казалчы советтик чек арачыларды өлтүрүп, Кытайга кире качкан

11-август, 19:12
1 029 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ат-Башыда Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдыгы дүңгүрөтүп белгиленди. Анын чыгармачылыгы эл арасында жашап, жердештери мурда эле жогору баа берип, Пограничник айылын Казыбек айылы катары аташкан. Жогорку сот Казыбек Мамбетемин уулун актаган чечим чыгарды. Репрессия курмандыктары агарып, адилеттүүлүк негизинен калыбына келтирилген эмеспи. 

“Казыбек эмне себептен ушул кезге чейин акталбай келген?” деген маселеге кызыгып көрдүк. 1987-жылы 13-майда “Советтик Кыргызстан” гезити: “Казыбек Мамбетеминов 1928-жылы кулакка тартылып, Оренбург облусуна сүргүнгө айдалган. Кийин туулган жерине жашырынып качып келип, А.Жаанбаевдин бандасына өтөт. Ал банда “Ак-Талаа көтөрүлүшү” дегенди чыгарат, б.а., советтик чек арачыларды өлтүрүп, Кытайга кире качат. Басмачылар менен чек аранын ары жагында калып, Казыбек жашыруун түрдө туулган жерине каттап турат. Кашкардагы англиялык консульствонун мүдөөсү үчүн шпиондук кылат. 1934-жылы А.Жаанбаевдин бандасы (арасында К.Мамбетеминов да бар эле) СССРдин чек арасын бузуп кирип, биздин жоокерлер тарабынан талкаланат, банданын башчысы менен анын жан-жөөкөрлөрү туткунга алынып, кылмыш жообуна тартылат. Атап айтканда, Казыбекти Советтик аскер трибуналы атууга өкүм кылат, кийин ал он жылга эркинен ажыратуу жазасы менен алмаштырылат. Ал абакта жүрүп каза болгон” деп жазган. 

Казыбектин казалчылыгы тууралуу маселе жок. Бирок минтип кылмыш ишине аралашканы, анын аракеттерин Жогорку соттун актоо чечими бир топ суроолорду жаратат. Казыбек акталса, анда аны менен бирге чек ара бузган А.Жаанбаевдин жоболоңдуу тобу толугу менен акталыш керек да. Жогорку сот алардын аракеттеринде кылмыш бар же жок экенин териштирип, бул ишке чекит коюшу зарыл. Андай болбосо, мындан нары чек ара бузуу кылмыш иши катары эсептелбейби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер