Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тышкы саясатты аксаткан Жээнбек Кулубаев отставкага кетеби?

Тышкы саясатты аксаткан Жээнбек Кулубаев отставкага кетеби?

29-июль, 09:00
402 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өткөн жумада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин 4-жолугушуусунда толук ишке ашпай калган макулдашуулар, чала даярдалган документтер боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Лидерлердин ал жолугушуусунда достук, жакшы кошуналык жана кызматташтык боюнча келишимге Казакстандын президенти К.Токаев, Кыргызстандын президенти С.Жапаров, Өзбекстандын презденти Ш.Мирзиёев кол коюп, Тажикстандын президенти Э.Рахмон, Түркмөнстандын президенти С.Бердымухамедов кол койбой коюшкан. 

Илгертен тарыхый, маданий байланышы бар Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин бул жолугуусундагы мындай күтүлбөгөн окуяга дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер, аналитиктер тарабынан “пикир келишпестик” катары баа берилип, дүйнө жүзүнө чагылгандай тарады. 

Министрликтин ишин профессионалдуу таризде аткара албаган Жээнбек Кулубаев “түштөн кийин” эсине келип, өзү түздөн-түз уюштура албай үзгүлтүккө учураткан бул саясый окуянын себептерин “жөн эле ушундай болуп кетти, алар жакында кол коёт” деп “кыргызчылык” менен комментерий берип жатканы анын министр катары компетенттүүлүгүнөн шек туудурат. Качан, кай жерде кол коюлат? Кепилдиги барбы?

Эл аралык деңгээлдеги олуттуу саясый жолугушуулардан жарака кеттиби? Министр Жээнбек Кулубаев өлкөнүн тышкы саясатын кризиске батырбай, отставка бергени дурус. Алмаштайын чыгара электе... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер