“Казинолорду ачуу боюнча муфтият принципиалдуу ойлорун, пикирлерин айтпай атканы таңгалдырууда”


“Казинолорду ачуу демилгесин, мыйзам долбоорун депутаттар колдоп беришти. Коомчулукта болсо каршы пикирлер жаралууда. Эгерде Кыргызстандын жарандары казинолорго киришпесе, көзөмөл катуу жүргүзүлсө, эмнеден кооптонобуз? Кумар оюндары жанданса, саякатчы, туристтер көбөйө баштаса, мамлекеттин казынасына пайда түшөт да, туурабы? Же корко турган башка да жагдайлары барбы?” деген собол таштадык.

Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер:
-- Биздин бийликтегилер акча тапкандын эң оңой ыкмаларын өздөштүрүп алышты. Мунун арты кандай болорун ойлошпойт сыңары. “Арам акча” деген түшүнүк бар. “Чет өлкөлүктөр келип ойношот” дешет. Биздин жарандарыбыз куру калмак беле? Азгырылып, далай криминалдык иштер болот. Казино – бул биринчи иретте криминал, андан кийин киреше. Ошондо да мамлекетибиз байып кетпейт. Казино эмес кенедей ишкананы тоногондор толтура, анын ичинде мамлекеттик структуралар көбүн түзөт. Биздин күч структуралардын кызматын эске алганда, абал чатак болорун ойлоп кооптоном. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында араң жаптырганбыз, эми кайра артка кеткенибиз мени таңгалдырат. Алдыга жылгандын ордуна, мезгилге ылайык идеяларды, элге жаңы дух бергендин ордуна кызыктай иш аракеттер жүрүп жатат. Чет өлкөлүктөрдү башка сфераларды өнүктүрүп кызыктырса болбойт беле? Мисалы, окуу жайлар, эл аралык конференцияларды өткөрүү, медицина тармагы, жашыл экономика, экотуризмге, экстремалдык спортко, киноиндустрияга жана башкаларга. Мындан улам, өкмөтүбүздүн ой жүгүртүүсү эски бойдон калган деп эсептейм.

Тимур Саралаев, жарандык активист:
-- Кыргызстанда казино өтө татаал, көп кырдуу маселеге айланды. Ошон үчүн коомубузда ар кандай кайчы жана карама-каршы пикирлер жаралууда. Эмнеге? Жооп издеп көрөлү. Анткени, биздин ата-бабалар байыртан эле, көчмөн цивилизациясы доорунан тарта арам, ыплас акча табуу жагына ыктабаган, калыс эл болгон. Кумар оюндары биздин эл үчүн жат көрүнүш. Кыргыз маданиятында оюндун түрлөрү көп, каныбызга, дилибизге таандык болгон көкбөрү, ордо, кыз куумай, ат чабыш, ж.б. ушу кезге чейин өмүр сүрүп келатат. Ал эми жер шарында айрым улуттар бар. Алар эзелтеден бери кумар оюндарына жакыныраак. Анткени, ал жерлер ичимдик, сойкулук, кулчулук, ж.б. ыплас иштердин чордонуна айланып калган. А жергиликтүү калк ошондой нерсеге камыр-жумур аралашып, алар үчүн кумар оюндары кадыресе көрүнүш. Ал эми кумар оюндарын жандандыруу, аларды Кыргызстанга кайрадан киргизип, “ошондон мамлекетке киреше табабыз, туристтерди көбөйтөбүз” дегени экономикалык көз караштан караганда, бир четинен туурадыр, кандайдыр бир деңгээлде каражаттардын көбөйүшүнө себепкер болор Бирок, ошол эле кезде башка жагы да бар. Болуптур, кыргыздар быйыл кумар оюндары менен алектенбейт, болуптур эмдиги жылы да алектенбейт, мүмкүн үч жылдан кийин деле барбастыр. Бирок, кийинки чакырылыштагы парламент “кыргыз эли кумар оюндарын ойногулары келсе ойной беришсин, акчаларын корото беришсин” деп койсо... же деп койбойт деп ким кепилдик бере алат?

Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Акылбек Жапаров мамлекеттик казынаны толтуруунун ар кандай жолун издеп, чабалактап атат. Бирок, “казино аркылуу мамлекет өнүгүп-өсүп кетет, же казынабыз ашып-ташып кетет” деген кепилдик жок. Эң кызыгы, аалымдар кеңеши, муфтият казино боюнча принципиалдуу ойлорун, пикирлерин айтпай атканы элди да, бийликти да кандайдыр бир деңгээлде туңгуюкка калтырууда. Таңгалычтуу. Акыры ушул мыйзамды демилгелеп, аны колдоп жана ишке ашырууда салым кошкондор кийин Кудай алдында жооп берерин унутушпасын. Казинодон жабыр тарткан элдердин убалы, каргышы аларды жөн жаткырбайт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











