Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кипрден келген көлдүк тургундун дене табы көтөрүлүп, ооруканага түштү

Кипрден келген көлдүк тургундун дене табы көтөрүлүп, ооруканага түштү

23-март, 16:36
1 202 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кипрден келген Ысык-Көл облусунун Жаркынбаев айылынын тургунунун дене табы жогорулап, инфекциялык ооруканага жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору билдиргендей, бейтап ооруканага кечээ, 22-мартта жаткырылган.

1991-жылы туулган айыл тургуну 18-мартта Кипрден келген. Анын дене табы жогору болуп жатканын айылдагылар айтышкан. Учурда ал Чолпон-Атадагы ооруканада жатат. Андан коронавируска тест алынды, жыйынтыгы чыга элек. Абалы канааттандырарлык, бүгүн дене табы жогорулаган жок. Ал эми бейтап менен байланышта болгондор үй карантининде деди ал.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер