Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10-12 ай окутуу жарандарга кыйынчылык жаратабы?

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10-12 ай окутуу жарандарга кыйынчылык жаратабы?

15-январь, 22:35
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин иш башкармасынын орун басары Бообек Салимжановдун билдиргенине караганда, эми айдоочулук күбөлүк алуу үчүн мамлекеттик автомектептерде жарандар 10-12 айга чейин окушат. Бир жылга созулган мындай “илим алуу” коомчулукта талкуу жаратууда. В категориясын окуу мөөнөтү 10 ай, С категориясынын күбөлүгүн алуу үчүн 12 ай убакыт кетмекчи. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, мындан ары 2000ге чейин көбөйүптүр. Мынчалык татаалдаштыруунун зарылчылыгын коомчулукка кантип түшүндүрөбүз? Авариялардын көбөйүшү – ичкилик ичкенден, бейбаштык жүрүштөрдөн, машиналардын арбыганынан, трассалардын тардыгынан, анан жол кыймылынын коопсуздугун кароонун жетишсиздиги, ж.б. ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн келип чыкса керек. Негизи айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн суроолорду татаалдаштырбай жеңилдетип, анан 2-3 ай гана окутуу жетиштүү болмок. Бул СССРден бери келаткан, изилденип, такталган практика эле. Азыр айдоочулук күбөлүктү алуу машакатка айланып, 10-12 ай окутуу жарандарга кыйынчылык жаратабы? Коррупция күчөсөчү? Негизи акыл калчап, элибизге ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек да. А болбосо Казакстандан 2 ай окуп, ошол жактан айдоочулук күбөлүк алууга ашыккандар арбып кетсечи? Турган иш да... 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер