Бийлик дин иштеринде демилгени колдон чыгардыбы?

Блогер Чоробек Сааданбек акыркы ахыбал тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.
“Өткөндө Грозин деген бир аналитик айткандай, биздин бийлик дин иштеринде демилгени колдон чыгарып, ээрчип калган болбосо, Германиядан кайтып келген бир нече депутты ЖКнын кызматкерлери менен чогуу карантинге алып, коронавирус катталган Саудиядан жүздөп миңдеп келип жаткандарды карабай киргизип жибермек беле?
Өзбек туугандардын бийлиги 8-мартта Саудияда 11 киши коронавирус менен катталды дегенде, 9-мартта учак менен барып умрада жүргөн 244 жаранын кайтарып келип карантинге алган экен. Жок дегенде алардын тажрыйбасын эске алып, умрадан учуп келип жаткандарды байкоого алып обочолонтсо болот эле го...
Абылгазиевдин өкмөтү жоопкерчилик алып ишинен кетиши керек го. Билем, ордуна андан жакшысы деле келбейт, бирок кыпындай болсо дагы жоопкерчилик деген болуш керек да эми”.