“Эстеликтер президент Садыр Жапаровдун мезгилинде тартипке салынган” деп айтылып калса...

Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сизге качандыр бир кезде, мүмкүнчүлүккө жараша мени кабыл алып калсаңыз айтайын деген ойлор, пикирлер бар. Алардын негизгиси болбосо да катардагы бирөөсү: “Ала-Тоо” аянтынын реконструкциясына байланыштуу – эстеликтер жөнүндө болмокчу. Жалпы эле республикабызда, анын ичинде борбор калаабыздагы эстеликтердин жайгашышы жана эстетикалык жагдайы жөнүндө эгемен жылдарыбыздын таңында бир-эки макала жаздым эле. Алардын бири “Ала-Тоо” аянтында Манас турса же айкелдерди да алмаштырууга мезгил жетти” (“Кыргыз туусу”, 3-июль 1993-жыл, “Ош жаңырыгы”, 4-октябрь 1994-ж.) деген материал эле. Бул макаланы толуктап, 1996-жылы (анда мен мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты элем) дагы бир жолу “Кыргыз туусуна” чыгарган элем. Ошондон анча көп өтпөй эле Т.Усубалиев аксакал менен коллегам, мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты К.Идиновдун “Маркстык-лениндик философиянын кандидаты Жолборс Жоробековго В.Ленин эмне жамандык кылды?” деген материалы ошол эле гезитке чыкты. Кийин Танаев премьер кезде болсо керек, куду мен айткан жерге Лениндин эстелигин жылдырышты. Бирок “муну мен айткам”, “жеке сунушум” дегендер көбөйүп кетти. Мейли, кеп анда деле эмес. Негизгиси, биздин борбордук аянтка Манас келди, азыр Манастын айкелисиз борбордогу улуттук аянтты элестетүү мүмкүн эмес. Аянтта Манастын турушу, анын артында тарых музейинин болушу логикага туура келет, Манас жана биздин карт тарых жуурулушуп. Бул тууралуу тарыхый указыңызда да жакшы бегилегенсиз. Айтмакчы, эстеликтер тууралуу макаламды “Кыргызстандагы саясаттын эволюциясы” (2023) деген китебиме да киргизгем (82-86-беттерде).
Эми бул жерде айтыла турган негизги ой – “Айтыла турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” дегендей, “Ала-Тоо” аянтында Манастын эстелигинин астындагы жертөлөгө (подвалга) суу кирип бузула баштагандан улам, эстелик турган секичени (постамент) оңдоо маселеси келип чыкты. Ушундан улам бир иштен эки иш кылбай, жалпы эле Манастын эстелигине конкурс жарыялап, ошого эле улай маңдайдагы Айтматовдун эстелигин да олуттуурак жасабайлыбы (даңазалуу жазуучубуздун 100 жылдыгы да келе жатат)?! Ушундан улам аралыгы бир чакырымга жетпеген жерде эки Манас турат, филармониянын астында жана “Ала-Тоо” аянтында. “Кимиси Манас, кимиси Курманбек?” десе, эшейип “оозубуз Остинди” карап калат. Көп эле келген коноктор “эки башка Манаспы?” деп да сурашат. Айрымдар “бири Саякбай Каралаевдики, экинчиси Жусуп Мамайдыкы” деп да жанды кашайтышат!
Ошондуктан Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын астына Током Сибирден жөө-жалаңдап келе жаткан айкелин орнотсок да, манасчылар турган жерлерге бүт филармонияга тийешелүү музыкант, акындардын бюсттарын орнотсок. Ал эми “Ала-Тоо” аянтына башка бир монументалдуу Манасты орнотуп, Бакай, Каныкейди, музейден бери карата бүт манасчылардын бюстарын жайгаштырсак логикага да туура келет эле. Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Ч.Арабаев “талкууга алалы” деп сунуш киргизүүдө. Ал эми белгилүү окумуштуу О.Сооронов “академик Б.Юнусалиев” (2023) деген китебинде да жакын турган Манастын эки эстелиги жана Чыңгыз Айтматовдун айкели боюнча каңырыгы түтөп жазыптыр. Демек, коомдук пикир да муну колдойт.
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиз өзүңүз “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” деген 18-декабрь 2024-жылы кол койгон тарыхый жарлыгыңызда да: “...кыргыз эли рухий деми менен сөз мунарасын курду – “Манас” үчилтиги сыяктуу жалпы адамзаттык маанидеги улуу мурас жаратты” деп баса белгилегенсиз. Демек, “Манас” бизге Теңир берген миңдеген жылдык тарыхыбыз болсо, бүгүнкү күндө ошонун баардыгы иреттеп сактоочу музейдин бул жерде турушу мыйзамдуу көрүнүш.
Эми ушул жерге кыстара кетейин, ошол “Ала-Тоо” аянтында трибунанын астында чоң подвал, чоң өтмөккө окшош жер бар, мүмкүн ал жерди да пайдалануу керектир. Мүмкүн тамактанчу жерби же соода точкаларыбы, ойлонуп көрүү керек. Анан киргенде “5 сом”, “10 сом” деген эмес, жөн эле заманбап даараткана болушу бул чоң аянтка зарыл.
Ошентип комузун колуна алып, кайраттуу басып келе жаткан Токтогул филармониянын жанына келсе, опера-балет театрынын капшытында бүкчүйүп отурган чалдын ордуна ошол эле театрдын маңдайындагы Аалыкенин эстелигин жылдырсак. Ал эми Аалыке азыр отурган жерде Бүбүсара Бейшеналиеванын же театр атын алып жүргөн Абдылас Малдыбаевдин айкели куп жарашып калмак.
Сөз узарып кетти окшойт, дагы бир-эки ой менен кыскартайын. Ысык-Көлгө салам айтып кирерде көңүлдү кирдетип “Дон Кихотту” элестетип, орустун улуу саякатчысы, географы, статисти ж.б. П.Семеновду билебиз, ал киши көл кылаасына ат чалдырып кылымдарга туруп калганга эмнеси менен арзыды экен? Бул жерге “жайылган койго көз салып”, атын жетелеп турган Таштанбек Акматов деле жарашат. Бишкекте Скрябиндин эстелиги жөнүндө да ойлонуу керек. Оштогу Лениндин эстелигин парктардын бирине орнотуп, ал жерге Алымбек датканын айкелин тургузууга да мезгил жетти. КМШ мамлекеттеринде биз гана Ленинге урмат көрсөтүп, эстеликтерин сактап калдык. Орустар өздөрү да көптөгөн шаарларында жок кылып салды го...
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Ушул маселе мен сизге киргенде айтам деп жүргөндөрдүн бирөөсү гана. Эми ЖМК аркылуу кайрылганда айтыла турган жана айтылбай турган маалыматтар болот. Калгандарын кийинкиге калтырайын. Эгерде эстеликтер жогоруда айтылгандай иреттештириле турган болсо, ал идея кимдики ким айткан, качан айткан? Эч ким билбейт. Кыргыз эли “эстеликтер президент Садыр Жапаровдун мезгилинде тартипке салынган. Болбосо Бишкекте жакын эле жерде эки Манас болчу. Таштанбек Акматов турган жерден Семенов деген бир орустун эстелиги бар эле, Скрябин дегендин айыл чарба окуу жайынын жанында эстелиги болор эле, “Ала-Тоо” аянтында Манастын маңдайында өткөн кылымдын элүүнчү жылдарындагы студенттериндей болгон Чыңгыз Айтматовдун эстелиги болор эле, булардын баардыгын Садыр Жапаров президент кезинде иреттештирген” деген сөз тарыхта калат.
Сизди терең урматтоо менен
Жолборс Жоробеков, саясый илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгеги сиңген ишмер
"Азия Ньюс" гезити