Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымкадыр Бейшеналиев: “Мен кыйналган карапайым элге шарт түзүп берем”

Алымкадыр Бейшеналиев: “Мен кыйналган карапайым элге шарт түзүп берем”

20-май, 19:00
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аликбай, сага карата “кара пиар” жаап кетти го?

-- Планировкада жүрсөм, мага “кара пиар” башталыптыр. Бирөөнүн “куйругун” катуу басып алыптырмын. 

-- “Ойношу менен жыргап жүрөт” деп сүрөттөрдү чыгарып ийишти...

-- Раматылык досум Мелис Эшимканов экөөбүз кыздарды жакшы көрчүбүз. Кыздарсыз жашоо жок да. Сүрөттөгү Мээрим деген кыз менен мамилебиз жакшы, сонун... 

-- Бүт элге тарап кетти, а үй-бүлө эмне дейт?

-- Чыр салып, анан барып токтойт да. Эгер “кет” десе кетем да. 

-- Мээрим дедиңби? Ошол кызга кетип каласыңбы?

-- Башкасы толуп атат. А Мээрим просто попалась. Өзү мактанып соткасына тартып алыптыр. “Кел, сүрөткө түшүп алалы, мындай, тигиндей түшөлүчү” деп эки подружкасы менен кыйын болуп аткан. Эми кээде жаштарды угуп коюш керек...

-- А ким сага каршы чыгып, ушундай нерселерди уюштуруп атат?

-- Каратаев деген неме уюштуруп атабы? Анын артында “кожоюндары” бар. Шекшип атам. Анткени, мен аны орун басарлык кызматтан алып салгам. 

-- Жогору жактагылар бирдеме дештиби?

-- Мен эми аларга актанбайм. Жан үрөп иштеп атканымды көрүп атышат. Шефке барып, “мен андай эмесмин, тигиндей эмесмин” деген эркекчиликке жатпайт. Как будто эч нерсе болбогондой эле иштей берем. Мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турушу керек. Реформаны аягына чыгарам. Баарын өз ордуна коюп, саламаттык сактоо тармагы элге кызмат кылгыдай кылып, шарт түзүп берем. Болбосо карапайым эл аябай кыйналып кетти.

-- Азыр Кыргызстанда эмес турбайсыңбы?

-- Ооба, чет жерде жүрөм, мамлекеттик маанидеги иштер менен. Мен жакында кайтып келип, көп сенсациялуу иштерди баштайм. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер