Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекеттик тилди маалымат технологиясынын тилине айландыруу мүмкүнбү?

Мамлекеттик тилди маалымат технологиясынын тилине айландыруу мүмкүнбү?

11-ноябрь, 19:14
754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы билим берүү багытына ылайык кыргыз тилин кесиптик багытта окутуп, тил үйрөтүү процессин студенттин кызыгуусуна жана тандап алган адистигине байланыштуу окутуу талап кылынат. Анткени келечектеги адистин негизги ишбилги же компентенттүүлүк сапаттарынын бири – анын мамлекеттик тилде кардарлар менен эркин баарлашып, кесибине байланыштуу маалыматтарды терең түшүнүп жана сабаттуу жаза билүүсү болуп эсептелет. Айрыкча маалымат технологиялары кесибин тандаган жаштарга кыргызча түшүндүрүп, өз кесибине жакын сабакка тартууну маанилүү деп эсептейбиз. Мындай техникалык тармакта сабак берген окутуучулар үчүн кыргызча материалдар аз болгондуктан, кесипке багыттап окутуу бир топ кыйынчылыктарды жаратып келе жатат. Ошондуктан кесиптик билим берүүнүн мыктысы Абдиева Курманкан тарабынан көп жылдык практикалык тажрыйбасынын негизинде “Маалымат технология адистери үчүн кыргыз тили” окуу куралы иштелип чыгып, КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан басылып чыкты. 

Сунушталган окуу куралы заманбап кесип тандаган студенттердин орто деңгээлге жетишкен (Б2, В1) улантуучу топторун мамлекеттик тилди кесиптик, кептик-коммуникативдик негизде окутууну максат кылат. Ошондуктан мааалымат технологияларына байланыштуу негизги түшүнүктөрдүн кыргызча маанилерин ажырата билүүгө, алар менен сүйлөм түзүп, суроолорго жооп берип, өз оюн эркин билдирүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Кесипке байланыштуу темаларды камтыган тексттер менен үч баскычта иш жүргүзүлөт:

-- текстке чейинки тапшырмаларды аткаруу;

-- текст менен иштөө;

-- тексттен кийинки тапшырмалар менен иштөө.

Биринчи баскычта тексттин маанисине байланыштуу сөз жана сөз айкаштары, сүйлөмдөр менен иштешип, тексттин мазмунун кабыл алууга даярдалат. Мында ар бир темага керектүү сөздөр англис-орус-кыргыз тилдерине которулуп, алардын маанисин түшүнүп окуу үчүн сөздүк иштери менен кызыктуу тапшырмалар, суроолор айкалышта берилген. 

Экинчи баскычта студенттер өз алдынча жана жуптарда иштеп, кыргызча түшүнүү менен өз оюн мазмундуу билдирүүгө, баарлашууга машыгышат. Берилген тексттер маалымат технологияларынын өнүгүү тарыхынан баштап, дүйнөлүк деңгээлдеги жаратман инсандардын өмүр жолу жана азыркы учурдагы заманбап кесипте ийгиликтерге жетишкен кыргыз жаштарынын ишмердүүлүгү кызыктырат.

Кийинки баскыч алардын түшүнүктөрүн жыйынтыктап, сынчыл ой жүгүртүүнүн стратегияларынын айрым ыкмалары менен иштегенге, бири-бирине мамиле түзүп, өз оюн эркин айтып, топ менен баарлашууга көнүктүрөт. Берилген көйгөйлүү ойлор жаштарды өз оюн тартынбай айтып, талаш-тартыштуу диалог, полилог кебине жигердөөгө, заманбап питчинг көндүмүн өнүктүрүүгө шарт түзүп берет. Ошону менен бирге кыргыз тилинин тил байлыгын камтыган, тарбиялык терең мааниге ээ болгон макал-лакаптар ар бир теманы коштоп турганын да белгилеп кетүү зарыл. Окуу куралына окутуучулардын иш процессин жеңилдетүү максатында кошумча тесттик тапшырмалар, кыргыз тилинин грамматикасы боюнча орус тилиндеги материалдар, дидактикалык оюндарды методикалык жардам катары сунушталган.

Корутунду катары жалпы маалымат технологиялар курсунун мазмунуна ылайыкталып англисче-кыргызча сөздүк берилген. Эгерде компьютердин түзүлүшү, анын иш өндүрүмдүүлүгү жана эмгек коопсуздугуна байланыштуу сөздөр негизги темаларда берилсе, акыркы бөлүгүндөгү сөздөр, сөз айкаштары ушул кесипке байланыштуу англисче терминдердин, түшүнүктөрдүн кыргызча маанисин чечмелеп берүүгө багытталган. Сунушталган эмгек маалымат технологиялары багытында кыргыз тилинен сабак берген окутуучуларга, студенттерге, жалпы окурмандарга арналып, кыргыз тилин заманбап усулдар аркылуу кесиптик билим берүү менен эне тилибизди өнүктүрүп байытууга багытталган. Кыргыз тилибиз ушундай окуу куралдары аркылуу технологиялардын айкалышында окутулуп, жаштардын заманбап тилине, бакубат келечекти куруунун ийкемдүү куралына айланат деп терең ишенебиз.


Курманкан Абдиева, кесиптик билим берүүнүн мыктысы   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер