Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Михаил Булгаковдун аялдары: Татьяна Лаппа, Любовь Белозерская жана Елена Шиловская

Михаил Булгаковдун аялдары: Татьяна Лаппа, Любовь Белозерская жана Елена Шиловская

08-май, 21:30
323 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Татьяна Лаппа менен жаш дарыгер Михаил Булгаков ата-энелери каршы болгондоруна карабастан баш кошушкан. Биринчи дүйнөлүк согушту экөө чогуу баштан өткөрүшкөн: Татьяна ооруканада медайым болуп, күйөөсүнө жарадарларды операция кылууга жардам берген. Революция башталганда Булгаков морфинге көз каранды, болор-болбос нерсеге ачууланчу болуп калат. Күйөөсүн бул илдеттен куткаруу үчүн Татьяна морфинге суу кошуп, анын дозасын азайып берчү. Ушундан улам экөөнүн мамилеси начарлай баштайт. Булгаков аялына “мен үч жолу үйлөнүшүм керек” деп көп айтчу.

Булгаковдун экинчи аялы Любовь Белозерская болгон. Бирок, жазуучу “кыздын негизги максаты акча” деп, анын сезимдери чын экенинен күмөн саначу. «Мен аны сүйүп калдым окшойт. Бирок, мени бир нерсе кызыктырат. Ал баарына ушундай жакшы мамиле кылабы же мага элеби?” деп жазган Булгаков өзүнүн күндөлүгүнө.

Булгаковдун эң акыркы сүйүүсү – бул Елена Шиловская. Жазуучу өзүнүн атактуу романындагы Маргаританын образын дал Еленаны элестетип жараткан: «Сүйүү караңгы аллеядан күтүүсүз чыга калган киши өлтүргүч сымал бет маңдайыбызга чапталышып, экөөбүздү тең жарадар кылды. Чагылган ушинтип урат, финн бычагы ушинтип урат!”

 Бирок, бул нике да ажырашуу менен бүтөт. Ажырашууга арызды Шиловская берген. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер