Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Бейшеналиев: “Билим берүү тармагын ата-энелердин, жалпы коомдун, президенттин жардамы менен көтөрөбүз”

Алмазбек Бейшеналиев: “Билим берүү тармагын ата-энелердин, жалпы коомдун, президенттин жардамы менен көтөрөбүз”

03-май, 09:00
381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмаз мырза, эң ириде мектеп окуусун 12 жылга узартуу демилгесине токтолсок. Бул боюнча коомдо ар кандай кайчы пикирлер жаралууда?

-- 12 жылдык билим берүү – бул 2023-жылдан баштап ишке аша турган өзгөрүү. Бир эле жылда ишке ашпайт, 2-3 жылдын ичинде этап-этабы менен. Анүчүн окуу китептерин, мугалимдердин, класстардын даярдыгын уюштурушубуз керек. Даярданбай туруп эч кандай өзгөрүүгө барбайбыз. Экинчи маселе, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн башталышында дагы, аягында дагы жакшы жактар бар. Алсак, башталып атканда 1-класска 6 жаштагы балдардын баары тегиз келе турган болсо, мугалим азыркыдай кыйналбайт. Учурда 1-класстын мугалими 5 түрдүү бала менен иштешкенге туура келип атат. Алар: нолевой класста мектепте окугандар, бала бакчанын даярдоо тобунан келгендер, үч сааттык бала бакчадан окугандар, өзү жеке сабак алган балдар жана такыр эч жерде окубаган, даярдыксыз балдар келет. Анан бир учурда шатырата окуган бала менен “А” тамгасын тааныбаган баланы 1-2 жыл бою бир мугалим теңдегенде кандай оор? Ошол эле учурда жакшы билип келген балдарга да оор, тигилерди күтүп калып атат. Мындайча айтканда, билим берүү процесси башынан бузулууда. Ушуну оңдойлу деп атабыз. 

-- 12 жылдык болгондо башы кантип башталат?

-- 1-2-класска келгиче балага баа койбойбуз. Балдарды даярдоо, оюндар менен сабак өтүү, эс алуу түрүндөгү жеңил сабактар болот. 3-класстан баштап баа коюу деген түшүнүк кирип, сабактар нугуна жараша оорлошот. Окуунун көлөмү 12 жылга көтөрүлбөйт, азыр көпчүлүк ушундай түшүнүп атышат. 

-- Бүтүрүүчүлөргө кандай пайдасы бар?

-- Балдар 12 жылдык аттестат ала турган болсо, дүйнөнүн 136 мамлекетине түз университетине тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 10 пайызга жакыны чет өлкөгө тапшырышат экен. 5-10 жылда мунун саны көбөйөт. 10 эмес 20-25 пайызга жетиши мүмкүн. Балдардын келечегине чектөө кылбаган болобуз. Ушундай бир топ пайдалуу жактары бар. 

-- Ошондо мектепте орун жетеби?

-- Жетпей жаткан жерлер Бишкек шаары, Караколдо, Жалал-Абадда жана кээ бир шаарларда көйгөйүбүз арбын. Ал жерлерде кошумча имарат куруу боюнча долбоорлор бар. Президентибиз Садыр Нургожоевич да “Бишкекте 15 жаңы мектеп курулат” деген. Демек, толук камсыз кылабыз. 

-- Окуу куралдары кантип атат?

-- Окуу куралдардын негизги бөлүгүн китептер түзөт. Кыргызстанда 65 пайызы менен камсыз болгонбуз деп айтабыз. Бирок, ал китептердин сапаты, ичиндеги каталары жанды кейитет. Алардын баары биздин министрлик тарабынан чыккан эмес. Ар кошкондор: Россиядан, Өзбекстан, керек болсо Тажикстандан келген китептер окутулуп атат. Биз мунун баарын иретке салыш үчүн 12 жылдык окутуунун пайдасы тийип, баарын жок кылабыз. Китептер мындан кийин электрондук форматта, жөнөкөй форматта да болот деп пландап атабыз. Азыркы китептердин басымдуу бөлүгү учурдагы талапка жооп бербейт. 50 пайызы советтик доордон калган түшүнүктөгү китептер. Андыктан, балдарды биз жашап аткан доорго эмес, өздөрү жашай турган доорго жараша тарбиялап, окутуубуз абзел. 15-20 жылдан кийин кандай билим керек болсо, биз ошолор менен камсыз кылганыбыз оң. Китеп боюнча жаңы саясат баштап атабыз. Мурун бир эле мекеме китеп чыгарып берген болсо, азыр жеке басма үйлөргө мүмкүнчүлүктү беребиз. Бир түрдүү китеп эмес, вариативдүү болот. Стандарт бир үлгүдө каралган менен мугалимдер, ата-энелер китепти тандап окуганга мүмкүнчүлүк түзөбүз. 

-- Кыргызстанда бир кездери болгону 10 гана чоң окуу жайы болгон. Азыр санак жетпей кетти. Ушулардын бизге пайдасы канчалык?

-- Бизде экономикага карап билим берүү калыптанат. Жогорку окуу жай ачам дегендерге чектөө жок, бул алардын конституциялык укугу. Бу жерде билим берүү мекемесинен тышкары, бизнес катары ача алышат. Бирок, ачууда бир катар талаптар бар. Ошого ылайык лицензия берилет. Ооба, союз таркагандан кийин козу карындай болуп ЖОЖдор көбөйдү. Ал учурда саясат ошондой болгон. Азыркы учурда рынок талабына шартташ керек. ЖОЖду бүтүргөндөргө караганда кыска мөөнөттүү кесип ээлерине талап көп болуп атканын байкайбыз. Чет мамлекеттерде ЖОЖдорго карганда кыска мөөнөттүү слесарь, сантехник, ашпозчу, тикмечи ж.б. кесипчиликти окуткан окуу жайлар басымдуулук кылат. Ушундан улам биз дагы билим берүү саясатын өзгөртөлү деп атабыз, бул биринчиси. Экинчиден, бүгүнкү күндө Кыргызстандын ЖОЖдорунда 212 миң студент окуйт. Анын 72 миңи чет элдиктер. Демек, билим берүүнү да экспорттоп атабыз жана алар киреше булагы экенин айтпаса болбойт. 

-- Киреше булагы болгондо...

-- Чет элдик 72 миң студент бир жылда айланткан обороту 300 миллион доллардын тегерегинде. Алардын төлөгөн контракттары, жашаган жери, ичкен тамагы, кийген кийими ж.б. Демек, мигранттар бизге акча салган сыяктуу эле өлкөбүздүн экономикасына пайдасын тийгизип атышат. Муну да эске алышыбыз керек. 

-- Алмаз мырза, билим берүү тармагында жакшы жыйынтык чыгарыш үчүн болжол менен канча жыл коройт?

-- Мисалы, айыл чарбада жазында эккениңдин күзүндө жыйынтыгын көрөсүң. А бизде абдан узак мөөнөттүү иш. Билим берүүдө бир нерсени өзгөртө коюш абдан кыйын. Анткени, өлкөнүн 30 пайыз бюджетин камтыган, 186 миң 500 адам эмгектенген, 2,5 миллион контингентти тейлеген эң чоң тармакпыз. Мекеменин саны эле 6 миңди чапчыйт. Анан ар бир мекемеге биздин жаңылыктардын жетиши, реформалардын жүрүшү, өзгөрүүлөрдүн болушу бир аз убакытты талап кылат. Экинчиси, балдар алып аткан билимдин сапатын жогорулатыш үчүн мазмунун оңдош керек. Бул бир нече жылдарды талап кылган процесс. Бирок, бүгүн баштабасак, эртең кеч болуп калат. 

-- Эң негизгиси, коомчулук түшүнүү менен кабыл алса...

-- Өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды туура анализдеп, өздөрүнүн терезесинен карашпасын, келечекте билим алып аткан балдарына керекпи же кереги жокпу (?), пайдалуу жагын ойлонушсун...

Билим берүүнү министрлик өзү көтөрө албайт. Бу жерде ата-энелердин, жалпы коомчулуктун, өкмөттүн, президенттин колдоосу керек. Антпесе билим берүү тармагы аярлуу катмар, үйдөгү киченекей бала сыяктуу. Өстүрүп, жетилтип, тарбиялап, жашоого даярдаш оор. Ошондуктан жалпы коомдун жардам берүүсүн суранат элем!          


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер