Айвазовскийдин кайгысы ар бир сүрөтүндө жашап калды...


Анын өмүрү деңиздей болду. Кээде тынч, кээде ташкындаган, бирок дайыма терең жана сырдуу.
Иван Айвазовский 1817-жылы Крымда, армян үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Балалыгы жакырчылыкта өткөн. Атасы соодагер болсо да, үй-бүлөсү жакыр жашачу. Бирок кичинекей Иванда таңкаларлык жөндөм бар эле – ал сууну угуп, толкунду сезип, асмандагы жарыкты сүрөт менен сүйлөтө алчу.
Анын талантын эрте байкашкан. Петербургдагы сүрөт академиясына кабыл алынып, ошол эле жерден өзүнүн деңизге болгон сүйүүсүн түбөлүккө түстөр менен туюнта баштаган. Айвазовский суу менен сүйлөшө алган жалгыз сүрөтчү катары таанылган. Анын эң атактуу чыгармасы "Тогузунчу вал" (Девятый вал) – бул адамдардын табиятка каршы күрөшүнүн символу. Бирок бул сүрөт өзү тарткан тагдырдын да сүрөтү болчу.
Айвазовский өмүр бою өзүнүн армян теги үчүн басмырланып жүргөн. Аны орус кылып көрсөтүүгө аракеттер көрүлүп, бирок ал түпкү тегин унуткан эмес. Өмүрүнүн акырында Крымдагы армян коомчулугуна, маданиятына көмөк көрсөткөн эле.
Анын көптөгөн сүрөттөрү согуштун, кыйроонун, деңиздеги жоготуулардын трагедиясын чагылдырган. Өзүнүн бир туугандары, жакындары менен да көп кайгылуу учурларды башынан өткөргөнү белгилүү. Бирок ошол кайгыны деңизге төгүп, түстөргө жашырган.
Айвазовский үчүн деңиз – сырдаш, коштоочу жана жандүйнөнүн дарысы эле. Ал 6000ден ашуун сүрөт тартты, бирок бир да жолу жээгин таштаган жок. Деңиз – анын тили, боёк – деми. Дээрлик кайгысы, өз дүйнөсүндөгү бороон ар бир сүрөтүндө жашап калды.
"Азия Ньюс" гезити











