Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сатар Турсункул уулу, жарандык активист: “Логистикалык борбор ачуу иштеринен шалаакалыгыбызды жана мекенчил эместигибизди көрдүм”

Сатар Турсункул уулу, жарандык активист: “Логистикалык борбор ачуу иштеринен шалаакалыгыбызды жана мекенчил эместигибизди көрдүм”

22-февраль, 15:05
667 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Ат-Башыдагы логистикалык борбор тууралуу келишимдер жабылганын тастыктап чыгышты. Деги эле бул борбордун ачылышы, кайра келишимдин бузулушу тууралуу кандай пикириң бар?

-- Кытай дагы да көптөгөн жылдар бою дүйнөдөгү эң ири экспорттук борбор боло берет. Акылдуу мамлекеттер Кытайдын мүмкүнчүлүгүн өз кызыкчылыгына иштетет. Мисалы, Гонконг жана Сингапур. 2000-жылдардан бери Гонконг аркылуу Кытайдын 20-25% эли дүйнөлүк алып сатуу жүгүртүп, ошонун  негизинде бир нече миллиард доллар өздөрүнө пайда алышкан. Биз болсо бүгүн  алар сыяктуу Кытайдын мүмкүнчүлүгүн  колдоно албай жатабыз. Бирок, ушул жерде бир чоң маселе бар. Ал бүгүнкү кыргыз бийлигинин мамлекеттик кызыкчылыкты камсыз кылуу дараметинде. Аны бүгүнкү кыргыз бийлиги камсыз кыла албай келет.
 Четинен мисал келтире кетейин. Мисалы, ЕАЭБде кызыкчылыгын камсыз кылганга Кыргызстандын өтө көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргыз тараптын колу турбаса ЕАЭБде бир да чечим кабыл алынбайт, теңата болуп сүйлөшкөнгө юридикалык жактан механизмдер бар.

Экинчиден, Кумтөр же Жерүй ж.б. кен байлыктар боюнча   келишимдердеги кемчиликтер тынбай айтылып келет. Чек ара маселелеринде да утулуп келе жаткандай пикир жаралат. Мисалы, Каркыраны Казакстанга карматып жиберип, жадагалса  Токмок тараптагы жүз метр айланып өтмө (объездной) жолду өзүбүзгө чечтире алган жокпуз. Тажикстан жана Өзбекстан менен өтө эле көп суроолорубуз бар. Улут кызыкчылыгы эске алынбагандыктан, албетте анан эл  ишенбейт.  

-- Юридикалык жагына да токтолсоң?

-- Юридикалык жактан бир билгенимди айтсам, Нарындыгы логистикалык борбор курулчу жер Нарын СЭЗге карайт. Нарын СЭЗдин негиздөөчү документтеринде жана Нарын СЭЗге жерлер өтүп жаткан документтердежаңылбасам, жердин өтүшүнүн мөөнөттөрү каралган эмес. Анан ошол шартта Нарын СЭЗ кантип ич ара келишимде инвесторго 49 жылга жерди бере алат? Эгер Нарын СЭЗ бере албаса, демек, өкмөттүн атайын чечими жана инвестор менен өзгөчө кепилдик келишими керек го. Бирок, өзгөчө кепилдик келишимдер өкмөт менен инвесторлор ортосунда болушуна мен каршымын. Инвестициялык мамиле же инвестордук режим, мындайча айтканда, бир негизги стандарт болуусу шарт. Ошондо инвесторлорго да, элге да, мамлекеттик органдарга да баары ачык болуп, түшүнүктүү көрүнөт. Бул жерде өзүбүздүн гана шалаакалыгыбызды жана мекенчил эместигибизди көрүп турам.


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер