Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жөтөлдөн кантип дарысыз арылсаңыз болот?

Жөтөлдөн кантип дарысыз арылсаңыз болот?

11-январь, 17:22
1 609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Суук түшкөндө тумоолоп ооругандар аз эмес. Дене табы көтөрүлбөсө да, жөтөл эсти оодарган учурлар болот. Өзгөчө түн ичинде. Бул жөтөлдөн дарысыз арылсаңыз болот. Ал үчүн үй шартында бул ыкмаларды колдонуп көрүңүз.

Сүт менен сарымсак

Жылуу сүт – тамакты жумшартат, какырыкты чыгарууну жеңилдетет жана жөтөлдү айыктырат. Ал эми сарымсак – ичеги-карын жолдорундагы инфекцияны жок кылып, микробдордун жайылышына тоскоол болот.

Бул үчүн сүттү жылытып, 0,5 чай кашык май, 1 тиш майдаланган сарымсак, 1 аш кашык бал жана щелочтуу сууну аралаштырып ичиңиз. Же 1 стакан сүттү жылытыңыз. Бал, банан жана какао кошуп, блендер менен аралаштырыңыз. Бул суусундуктар жөтөлдү тез айыктырат, суук тийүүнүн алдын алат.

Сүт менен шоколад

Суюк жана жылуу шоколад тамак оорусун айыктыруу менен бирге, маанайды да көтөрөт. Какао – суук тийүүгө каршы эң сонун дары. Мындан тышкары, ал нервдерди тынчтандырат жана жөтөлдү дарылайт.

Дарылык суусундукту даярдоо үчүн кара шоколад, каймак май жана шекер керек. Алгач шоколадды сүргүчтөн өткөрөсүз. Аны май жана шекер менен аралаштырып, идишке салыңыз. Үстүнө кайнап жаткан сүттү куюп, бир нече мүнөт аралаштырыңыз. Дарылык суусундукту суук күндөрү ичсеңиз болот.

Түрп менрен бал

Түрптү сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып алыңыз. Аны бал менен аралаштырып ичсе, жөтөлдүн кандай түрүн болбосун айыктырат. Мындан тышкары, какырыкты азайтат, антисептикалык касиетке ээ, сасык тумоого каршы күрөшөт, иммунитетти көтөрөт, микробдорду жок кылат. Түрп адам организмине керектүү бардык витаминдердин жана минералдардын булагы.

Компресс

Ыкшыган жөтөлдүн бирден бир дабасы – компресс. Көкүрөккө жасалган компресс өпкөнү, тамакты жана оозду толук тазалап, жөтөлдү тез айыктырат. Жылуу компресс какырыкты жумшартат, сезгенүүнү дарылайт жана көкүрөктүн кысылышын басат.

Спирттен компресс

Териге май сүйкөп, жылуу спиртке малынган сүлгү коюңуз. Сүлгү тез муздап калбаш үчүн сыртын пленка же калың кагаз менен жаап коюңуз. Аны сыртынан жылуу ороп коюу керек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер