Гүлайша Атабаева: “70-80 пайыз элибиз туура тамактанууну билбейт”
-- Арыктоо үчүн сонун кеңештерди берип, сергек жашоо тартуулап жүргөнүңүздү билебиз. Азыркы учурда биздин замандаштарыбыздын тамактануу образы тууралуу кандай ойдосуз? Кандай кемчиликтерди кетиребиз?
-- 70-80 пайыз элибиз туура тамактанууну билбейт, билсе да балким тамактанышпайт. Себеби, бизде көбүнчө ундан жасалган камыр тамакты, куурулган, майлуу тамакты жана таттууну көп жешет. Дакталган, ышталган тамак көп желинет. Колбаса, сосискалар да күнүмдүк тамак-ашыбызды көп толуктайт. Эң негизгиси, тамактанууда жашылчалардын, буурчактардын түрлөрүнө көңүл буруу керек, организм клетчаткага муктаж. Мисалы, кышында кымбатыраак дегенибиз менен, күзүндө, жайында деле салат, жашылча-жемиштерди аз колдонобуз.
-- Кандай абалга тушуккандар сизге кайрылышат?
-- Бизде “арыктагым келет” деген айымдар абдан көп. Себеби, гормоналдык өзгөрүүлөрдүн негизинде толук айымдар арбыды, төрөттөн кийин толуп кетишет. “Уйкусуздук кыйнады, семиздиктен бутум ооруп, баса албай калдым, көп салмак кошуп алдым. Төрөттөн кийин курсагым тез-тез ачат” дегендер жана кант диабети менен ооруган айымдар көп жазышат.
Эң биринчи гормон стресси – “кортизол” гормонун жөнгө салуу керек. Себеби, аялдарда дал ошол ичке май байлагандар көп. Буга ошол гормон стресси себеп. Ар бир кошулган салмактан жүрөк да жабыркайт. Мисалы, 150 метрге чачыла турган шлангдагы сууну зордоп эле “500 метрге жеткире чачам” деп аракет кылгандай эле...
-- Күнүмдүк тамактанууга кандай кеңеш бересиз? Сизди издегендер кайдан табышат?
-- Бир күндүк рациондун (тарелканын) бир бөлүгүн салат, белок, май, углевод түзүшү керек.
Мен 2016-жылы ЭКО жасатып, кыздуу болгом. Ага чейин 7 жолу жасаткам. Ар бир жасатканда өтө чоң дозадагы гормоналдык укол сайылган. Ошонун негизинде 90 кг болуп толуп, 55 жаштагы айымдай көрүнүп калгам. Бир жыл аралыгында бир топ айырма жараттым. Эки жарым айда 25 кг арыктадым. Мени издегендер 0559-78-00-01 вотсап аркылуу табышат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити