Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандыктар телефон жана интернет үчүн канча акча төлөөрү эсептелди

Кыргызстандыктар телефон жана интернет үчүн канча акча төлөөрү эсептелди

09-ноябрь, 11:48
856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда соңку беш жылдын аралыгында телефон аркылуу сүйлөшкөндөрдүн саны эки эсеге азайып, интернет колдонгондор үч эсеге көбөйдү. Бул туурасында увлуттук статистика комитетинин 2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары басылмасында жазылган.

Статистикага ылайык, 2016-жылы уюлдук компаниялар телефон аркылуу сүйлөшүүдөн 20 миллиард 777,8 миллион сом киреше тапкан. Бирок ал сумма жыл сайын азайып отуруп, 2020-жылы 10 миллиард 899,2 миллион сомго чейин түшкөн.

Ошол эле учурда интернет каналдарды берүүдөн кирешеси көбөйө баштаган. Алсак, 2016-жылы кыргызстандыктар интернет үчүн 2 миллиард 974,7 миллион сом төлөсө, 2020-жылы 9 миллиард 57,6 миллион сомго жеткен.

Жалпысынына телекоммуникация чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдөн 22 миллиард 614,1 миллион сом түшкөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер