Акыркы кабарлар
» Коом » COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 103 учур жаңы катталды
COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 103 учур жаңы катталды
20-октябрь, 11:48
1 066 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 20-октябрда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган үч бейтап каза болду.
103 адамдан жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар экени кабарланды. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Бул күнү Ош шаарында вирусту жаңы жуктургандар катталган эмес.
- Бишкек – 47
- Чүй облусу – 24
- Ош облусу – 4
- Талас облусу – 4
- Нарын облусу – 1
- Ысык-Көл облусу – 10
- Жалал-Абад облусу – 10
- Баткен облусу – 3