Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшеналиев “азыр фармацевтика тармагында коррупция жок” деп билдирди

Бейшеналиев “азыр фармацевтика тармагында коррупция жок” деп билдирди

18-октябрь, 17:31
1 268 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана фармацевтикалык компаниялардын коррупциясына байланыштуу өлкөдө териштирилип жаткан чуулгандуу иштер боюнча комментарий берди.

“Мен министр болуп келгенде эле фармацевтикалык тармактагы коррупцияны жок кылууга көп аракет кылдым. Азыр УКМКда териштирилип жаткан жана парламентте көтөрүлүп келген иш мен келгенге чейин эле болгон. Мен министр болуп келгенде ушул тармакка жаңы жетекчи дайындап, өткөн иштер болбосун деп талап кылдым. Мурда фармкомпаниялар дарыларын алып келишчү, алар чогуу бизнес кылышчу, азыр андайлар жок” деди министр. 

Учурда социалдык аптекалар ачылып, анда майыптар жана пенсионерлер дарыларды 40%га чейин жеңилдетүүлөр менен ала алышарын да белгилеп, “азыр дарылардын баасын түшүрүү боюнча механизм иштелип жатат” деп кошумчалады Бейшеналиев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер