Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык ажырымдын себептери эмнеде?

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык ажырымдын себептери эмнеде?

06-февраль, 23:29
745 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан менен АКШ мамилесинин сууганы, визалык чектөө, албетте, биздин өлкө үчүн өнүкпөй эле артка чегинүү болду. Кырдаалга жаны кейиген социалдык тармак колдонуучусу Адилет Айтикеев “КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШдагы КР элчиси Болот Отунбаев отставкага кетсин! Дипломаттын ишинин мыктылыгы – менимче, анын эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн коргой алганы, кандайдыр бир кырдаал жаралса, аны чечүү үчүн жан үрөп, эгерде кайсы бир маселе боюнча өлкө жетекчилиги түшүнбөй калса, ынандырып, өлкөнүн аброюн көтөрө билгенинде. Ал эми биздин тышкы иштер министри Айдарбеков кайра беттырмалык кылып, АКШны күнөөлөп чыкты. Беларусь мамлекети дагы биздин абалда болгонуна карабай, алар так ушундай эле мамлекеттин тышкы мекемелеринин жана өлкө жетекчисинин ыкчам аракетинин натыйжасында, ал коркунучту жоюуга жетишти” деген пикирин билдирди. Албетте, бул пикирдин да чындыгы бар.

Мамлекеттик кызматты аркалаган ар бир кадр өз ишине тыкан болсо, мындай иштердин алдын алып, элге, коомчулукка, бийликтегилерге коңгуроо кагып, чырылдап-чыркырап чыгышса, балким Африка өлкөлөрүнүн катарына кошулбай калмакпыз...

Максат МАМЫТКАНОВ, саясат талдоочу:

-- Америка бизди “кара тизмеге эмне үчүн киргизди? Эң биринчиден, Америка дүйнөлүк терроризм менен согушуп жаткан өлкө. Дүйнөлүк терроризм менен орустар дагы согушуп жатат, бүт Европа мамлекеттери согушууда. Бирок, биздин мамлекет ар кандай эл аралык шылуундарга биздин мамлекеттик папортторду оңой алып кеткенге шарт түзүп бергендиги үчүн, биздин паспорттор согушуп жаткан жерлерден, ал жакка бара жаткан адамдардын колунан чыгып калып жатат. Ал эмес 2019-жылы Германияда киши өлтүрүү кылмышы катталган. Грузин улутундагы адамды кылмышкерлер атып кетти. Ошол атып кеткен адамдын колунан биздин кыргыз жаранынын паспорту чыкты. Ошентип, дүйнө жүзүндө биздин мамлекетке терс пикирлер жаралды. Силер, кыргыздар паспортторду көрүнгөнгө бере берет экенсиңер. Демек, көрүнгөн кылмышкер келип, паспорт жасатып кетсе болот экен. Мамлекеттик деңгээлде бул нерсеге чара көрбөйсүңөр. Эгерде чара көрө албасаңар, силердин жарандарды биздин мамлекетке киргизбейбиз!” деген катуу чараны көрүп коюшту. Бул – мамлекетибиздеги паспорт берүүдөгү коррупциянын кесепети. Жыйынтыгы баягы эле өлкөбүздөгү тамыр жайган коррупцияга барып такалат. 

Замир АЙЫЛЧИЕВ, жарандык активист:

-- Албетте, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелер сууп калганын көрүп жатабыз. Буга себеп – өлкөдөгү экономикалык абалдын таасири. Андан сырткары, АКШдагы кыргыз элчиси Болот Отунбаевдин активдүү иштебей жатканынан кабар берет. Тарыхка кайрылсак, Кыргызстанды виза жактан АКШ мынчалык деңгээлде кысып, изоляцияга салган эмес. Азыр экономикасы начар Африка өлкөлөрүнө мамиле кылгандай эле АКШ биздин өлкөгө чектөөлөрдү киргизип жатат. Бул нерсени объективдүү карасак, анда өлкөдөгү жумушсуздук, миграция маселелеринин натыйжасынан дагы келип чыгып жатат. Дональд Трамп АКШнын президенттик тактына келгенде “эң биринчи кадамым – АКШдагы мигранттарды төрт жылдын ичинде кууп чыгам” дегени бар. Мындан сырткары, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги дагы компромисттик негизде ачууга алдырбай, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесин жөнгө салууга өз аракетин толук кандуу жүргүзүүсү керек да. 

Ренат САМҮДҮНОВ, жарандык активист:

-- Кыргызстандын АКШнын “кара тизмесине” киришинин себеби: биринчиден, Трамптын популисттик саясатына биздин өлкө дуушар болуп отурат. Трамп “экинчи жолу президент болом” деген максатта өзүнүн шайлоочуларына берген убадасын аткарып жатканын көрсөтүш үчүн “кара тизмени” ойлоп тапкан. Маселенин өзөгү катары кыргыз бийлиги биометрикалык паспортту ишке ашырууну создуктуруп келгендиги айтылууда. Бул маселени ишке ашыруу тышкы иштер министринин же элчинин колунан келбейт. Бул маселени чечүүдө өлкө башчынын реалдуу аракети керек. Экинчиден, эки өлкөнүн мамилесинин солгундоосу Атамбаевдин доорунан келе жатат. АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасын чыгаруу менен Кыргызстан көп тараптуу эмес, бир тараптуу тышкы саясатын тандаган. Андан соң АКШ менен Кыргызстандын кызматташуу келишимин кыргыз бийлиги бир тараптуу жокко чыгаргандыктан, эки өлкө мамилелери сууп кеткен. Ошол мамилени азыркы ажо оңдобосо, башкалардын колунан келбейт.

Азат РАВШАН, блогер:

-- Мен кыргыз-америка мамилесине элчи мырзаны күнөөлөбөс элем. Себеби, авторитардык кландык өлкөдө элчи маанилүү маселелерди чече албайт. Эки тараптын мамилесинин бузулушуна акыркы тогуз жылдагы өлкөдөгү жалпы абал жана сабатсыз тышкы саясаттын натыйжасы себепкер. Бирок, биздин бийлик маанилүү тышкы саясатты жана геосаясатты коңшу мамлекеттерибиз менен бирге алпарышы өтө манилүү. 2015-жылда үзүлгөн мамилелерди жок дегенде Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу коңшуларыбыздын деңгээлине жеткирүү, туруктуу жолго салуу биримдикти күчөтмөк.


Жамиля Нурманбетова

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер