Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азис Абакиров: «Бизнеске жеңилдик берүү менен мамлекет утушка ээ болот»

Азис Абакиров: «Бизнеске жеңилдик берүү менен мамлекет утушка ээ болот»

01-октябрь, 19:58
1 429 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономикалык оор кырдаалда өнүгүүгө бет алган тармак IT жана аралыктан иш алып барууга мүмкүн болгон тармактар экени белгилүү. Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азис Абакиров 2030-жылга чейин 50 миң программистти даярдап чыгуу парктын негизги максаты» дейт. Ошондой эле бул тармакка мамлекет тарабынан берилген салык түрүндөгү жеңилдиктер эбак эле өзүн актап койгонун белгилейт. 


IT тармагын колдоо туура кадам болгон

-- Жогорку технологиялар паркынын идеясын колдоо туура чечим болгонун сандар айтып турат. Анткени мыйзам 2011-жылы кабал алынганы менен күчүнө 2012-жылы кирген. Мыйзам иштеп баштаганына эки жыл болгондон кийин эле Кыргызстанда катталган IT компаниялардын саны 167%га өскөн, социалдык төлөм түрүндө мамлекеттик казынага бир жарым миллион сомго жакын каражат төлөнгөн. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 327%га көп болгон, ал эми киреше салыгы түрүндө түшкөн каражат төрт эсе өсүп, 380%ды түзүп,  жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашкан. 


Андан кийинки жылдары дагы IT тармак жалаң гана өсүш үстүндө келатат

-- Катталган компаниялардын, анда иштеген кызматкерлердин саны такай өсүп жататЖыйынтыгында, мамлекетке төлөнгөн салыктардын саны дагы жыл санап көбөйүүдө. Ырааттуу айта турган болсом, компаниялардын саны 2015-жылы 13,  2019-жылы 81ге жеткен. Азыр мындан дагы өстү. Кызматкерлердин саны 2015-жылы 111 болсо, 2019-жылы 761ге жеткен. Социалдык төлөмдөр 2015-жылы 1 млн. 711 миң, 2019-жылы 15 млн. 449 миң сом болгон. Киреше салыгы 2015-жылы 2 млн. 445 миң, 2019-жылы15 млн. 654 миң сом өсүшкө жеткен.  


Салыктан жеңилдик берүү кирешени көбөйтөт

-- Ошентип, мындан сегиз жыл мурун эле Кыргызстанда болгону үч IT компания катталып, анда 59 киши иштеп, жылына социалдык төлөм жана киреше салыгы түрүндө болгону 750 миң сом төлөп келишсе, 2020-2021-жылдары Кыргызстанда иш алып барган IT компаниялардын саны жүзгө чукулдап, жети жүздөн ашуун кишини иш менен камсыз кылып, мамлекетке киреше салыгы жана социалдык төлөм түрүндө 38 млн. сомдон ашуун пайда алып келип жатат. Мамлекет салыктын жүгүн азайтып, чогулган салыктын көлөмүн көбөйтө алганы бир караганда таңгалычтуу көрүнгөнү менен бул нормалдуу көрүнүш. Анткени салык жүгү оптималдуу болуп калган соң, жашырынып иштеп келген компаниялар ачыкка чыгып, салыктарды төлөй баштаган. Демек, бизнеске жеңилдик берүү менен мамлекет утушка ээ болду.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер