Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов, экс-депутат: “Ысырапкорчулук калың элге зыянын гана тийгизет”

Тазабек Икрамов, экс-депутат: “Ысырапкорчулук калың элге зыянын гана тийгизет”

06-июнь, 18:25
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамлекет тарабынан ысырапкорчулукка каршы аракеттер көрүлүп, бирок ишке ашпай атканын кандайча баалайсыз? Той-аштардагы ашыкча чыгымдарды, куру намыстан жаралган жоруктарды канткенде токтотсок болот?

-- Ысырапкорчулук, байлык менен атаандашуу калың элге зыянын гана тийгизет. Бирок, биз практика жүзүндө мамлекет тарабынан ысырапкорчулук боюнча кабыл алынган чечимдер иштебей жатканын көрүп атабыз. Демек, демилге эл, айыл аксакалдары, жергиликтүү кеңеш тарабынан көтөрүлүшү зарыл. Экономикалык алкактан алып караганда, тыюу эмес, сарамжалдуулук керек. Менимче, демилгелер эл тарабынан айтыла калып жатат, бирок биз улуттук иденттүүлүктү, жарандардын социалдык алака-катышын мыйзам менен чектебегенибиз оң. Ошол эле учурда Конституцияда жарандардын мыйзам чегиндеги иш аракеттери мыйзамга каршы келбейт. Биз жарандардын каалоосун чектей албайбыз. Ошондуктан, ысырапкорчулук менен күрөшүү эмес, сарамжалдуу жашоону пропагандалашыбыз керек деп ойлойм.

-- Мамлекеттик мекемелерде иштешип, элиталык батирлерде, хансарайларда жашаган кызматкерлердин көбөйүп баратканы эмнени билдирет?

-- Мамлекеттик кызмат чиновниктер үчүн баюунун булагы болбош керек. Мамлекеттик кызматкердин бүгүнкү айлыгы менен кымбатчылык учурда жана инфляция өсүп жатканда элиталык батир алуу эч качан мүмкүн эмес. Эгер кызматкер мамлекеттик кызматка чейин бизнесте жүрүп же башка мыйзамдуу жол менен байыса, анысын декларациясында так көргөзүшү зарыл.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер