Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Игорь Шестаков: «Шайлоого партия менен баргандан көрө, бир мандаттуу округдан катышкан ыңгайлуу»

Игорь Шестаков: «Шайлоого партия менен баргандан көрө, бир мандаттуу округдан катышкан ыңгайлуу»

16-сентябрь, 17:41
1 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын кайсынысын фаворит катары айта аласыз?

-- Бул жылы биринчи жолу жаңы абсолюттук шайлоо өнөктөштүгү жүрөт деп ойлойм. Шайлоо мыйзамы кардиналдык түрдө алмашып кеткендигине байланыштуу система бир мандаттуу болуп калды. Мында биринчи орунга партиянын бренди эмес, талапкерлердин аты чыгат. Бир жагынан алып караганда, бул логикага туура келет. Анткени мурда деле шайлоочулар партиянын аталышына эмес, талапкерлерге карап добуш беришчү. Экинчи жагынан алып карасак, парламент чийки мыйзамды кабыл алышкан. Бул долбоорду алгач жергиликтүү шайлоолордо колдонуп көрүп, андан кийин гана республикалык деңгээлге чыгарышса туура болмок. Эми талапкерлердин тизмеси кандай түзүлөрү боюнча толгон-тойкой суроолор чыгып жатат. Себеби бул система боюнча, керек болсо партиянын лидери да парламентке келбей калышы ыктымал. Мурда биз биринчи ондукка карап келсек, азыркы кырдаалды саясый рулетка оюну катары атап койсок болот. Жогорку Кеңешке ким келерин партия лидери, алдыңкы саясатчылар, керек болсо демөөрчүлөр дагы билишпейт. Ошондуктан, менимче, бул эксперимент партиялардын курамына жана каржылык чыгашаларга таасирин тийгизет. Угушума караганда, мыйзамдын авторлору дагы шайлоого партия менен эмес, бир мандаттуу округдан катышууну көздөшүүдө. Бул – долбоорду жазгандар дагы партия менен парламентке келеринен күмөн санашат (!) дегенди билдирип жатат. Партиялык система үчүн жаңы нерсе болгондуктан,  азырынча шайлоого белсенген партиялардын кайсынысынын шансы бар-жогун айтуу кыйын. 

-- Ошондо капчыктуулардын басымдуусу шайлоого бир мандаттуу округдан катышса, парламентке келүү шансы көп болобу?

-- Жалпысынан айтканда, 2020-жылы каражатын коротуп шайлоого катышкан талапкерлердин көпчүлүгү бир мандаттуудан аттанышат. Себеби алар бир мандаттуудан барса, жок дегенде өтөр-өтпөсүн алдын ала болжолдуу биле алышат. Партия менен катышып, акчадан же мандаттан жок калганча, аларга ушул ыңгайлуу. Ал эми өзүн шаардык кеңештерде сынап, өтүп келген партиялар негизги күрөштү жүргүзөт деп ойлойм. Бишкек менен Ош шаарынын азыркы шаардык кеңешинде отурган партияларды бул шайлоодо негизги фавориттер маңызында айтсак болот. 2015-жылды ала турган болсок, бийликте КСДП бар экенин, ал эми «Ата Мекен», «Республика» партияларын шайлоодо тажрыйбалуу деп билчүбүз. Азыр факты жүзүндө КСДП жок, «Республика» дагы катышпай турган болду, ошол кезде пайда болгон «Бир Бол» менен «Өнүгүү-Прогресс» дагы картадан жасалган үй сыяктуу жок болду. Алар бир күндүк эле партия экенин көрсөттү. «Кыргызстан» менен «Ата Мекен» катышып жатат, бирок аларды негизги фаворит маанайында эсептебейм.  

-- Партиянын лидери да өтпөй калышы мүмкүн болсо, мурдагыдай мандат талашуулар болбойт экен да?

-- Негизи партиялар үчүн бул жакшы деле эмес, анткени партия ичинде 100 пайыз ажырым орун алат. Буга чейин деле алдыңкы ондуктагылардын тизме түзүүдөгү чырларын, мандат талаштарды көрүп эле жүрбөдүк беле? Эми деле «алган добуштар менен баардыгы макул болуп, ынтымакта иштеп калат» дегенден алысмын. «Мен көп акча берип өтпөй калдым, ал эми эч нерсе коротпогон талапкер өтүп кетти» деген нааразычылыктар боло берет. Бул күтүлгөн сценарий. 

-- Бийлик колдоп-коштогон партия барбы?

-- Азырынча бийликтин партиясы жок. Пикиримде, буга кызыгып, бийликтин партиясы болгусу келгендер бар. Алар ушул шайлоодон кийин билинет. Биз азырынча бийликтин партиясы катары кайсы бир саясатчыга байлап карап жатабыз. Бирок, партия менен байланышта болгон жогорку кызматтагылар үчүн  жаңы мыйзам боюнча жаза катаалдаган. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер