Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаркын Боромбаева: “Көзүнүн көрүүсү начарлаган жаш балдардын саны өстү”

Жаркын Боромбаева: “Көзүнүн көрүүсү начарлаган жаш балдардын саны өстү”

07-сентябрь, 10:05
2 037 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Телефон көп көргөн жаш балдардын алысты көрүүсү начарлайт

-- Акыркы жылдары көзү ооруп кайрылгандардын саны өстү. Мунун биринчи себеби экологияга байланыштуу болсо, гаджеттердин көбөйүшү дагы таасирин тийгизип жатат. Үчүнчүдөн, кыймылдын жоктугу, кан басымдын жогорулашы жана кант диабет оорулуулардын көбөйүшү. Мына ушул факторлор өтүшүп кеткенде көзгө, көздүн көрүүсүнө залакасы тийет. Учурда баардыгыбыз гаджеттерден көз каранды болуп жатабыз. Албетте, таптакыр колдонбой койгонго болбойт, бирок анын нормасы бар. Айрыкча азыр бизге көзүнүн көрүүсү боюнча көйгөйлөрү жаралган жаш балдар кайрылып жатышат. Карантиндин кесепетинен балдар уюлдук телефондон сабак окуп, мектепке барбай, убактыларынын басымдүү бөлүгүн телефон менен өткөрүп калганы да буга себеп болду деп ойлойм. Келген ата-энелердин басымдуусу баласынын көзү алыстан көрбөй жатканын айтышат. 


Гаджеттер көздү кургатып, бат чарчатат 

-- Кургак көз синдромунан жабыркагандар арбын болуп жатат. Анткени көпчүлүк жарандар жабык кеңселерде, компьютерде отурушат. Компьютерди, телефонду караганда адамдын көзүнүн ичи кургайт. Көздүн былжыр челдери жабыркагандыктан адамдардын көздөрү ачышып, бат чарчап калат. Жаш балдарды өзгөчө гаджеттерден алыс кармаган туура. Алар үйдө телефон тиктеп отурганча көчөдө ойногону, спорт секцияларына барганы көздөрү үчүн алда канча пайдалуу. Маселен, 8-10 жашка чейинки балдар үчүн телефонду колдонуу болжолу менен 40 мүнөттөн ашпашы керек. Бизде “балдар тынч отурсун” деп ата-эне телефонду балдарга карматып коюшат. Мындан качуунун жолу – ата-эне өзү дагы гаджетти азыраак колдонгонго өтүш керек. Бул учурда бала дагы телефонду көп сурабай калат. Азыркы ата-энелер 8 айлык баласына басканга көндүрүүчү ходунок деп коёт, ошого салып, колуна телефонун карматып, өздөрү жумуш жасап жүрө беришет. Бул көзгө өтө кооптуу. Балага гаджетти 5-6 жашында жана маал- маалы менен берип турса туура. 7 жаштагы балага 30 мүнөт жетиштүү. Телефонго караганда телевизор көргөнгө көндүрүш керек, себеби анын экраны чоң жана аны үңүлүп тиктебейт. Телефондун экраны кичинекей болгондуктан, адам аны караганда көзгө күч келет жана гаджеттен ден соолукка зыян келтирүүчү нурлар бөлүнүп чыгат. 


Анархан Алтымышова, 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер