Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Бакиевдерди актоо аракети элди иренжитип, көчөгө чыгарышы мүмкүн”

-- Сапар Исаковдун ишинин артында ким турат? Анын соту кайра каралышына эмне себеп болду?
-- Сапар Исаков кайда жана кимдин колдоосунда жүргөнүн угуп жүрөбүз. Атамбаев, Исаковго окшогондор өздөрүнүн бийлигин жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин суверенитетин, улуттук кызыкчылыкты садага чаап, башка олигархтардын, мамлекеттердин буйругун аткарууга даяр экени анык. Жогорудагы күчтөр соттон актап, башаламандык болсо бийликке түртүү аракетин көрүүдө го...
-- Ошондо Сапар Исаков акталганы калдыбы? Эми качып жүргөндөрдүн баары четинен келе башташабы?
-- Сапар Исаковго окшогондор акталып, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев сыяктуулар жашынып жүрүшсө, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, шоопур Икрам жана башкалар эркиндикте. Мындай көрүнүш азыркы бийликке аброй алып келбейт. Кыргыздын 87 баласын атып, миңдеген жаштарды майып кылган Бакиевдерди актоо аракети элди иренжитип, көчөгө чыгарышы мүмкүн.
-- Мамлекеттик мекемелерде иштешип, элиталык батирлерде, хансарайларда жашаган кызматкерлердин көбөйүп баратканы эмнени билдирет?
-- Кыргызстан кичинекей эле мамлекет, ким эмне менен алектенип жатканы тез эле угулуп, билинип калат. Кечээ эле эски батирде ижарасын эптеп төлөп жүргөндөр, унаасы жок жөө салпактагандар жана өмүрү саясатка, мамлекеттик кызматка түшүнүгү жетпегендер бүгүн чоң кызматкер, ири бизнесмендер, алар эбегейсиз байышууда. Айылдашы, жердеши, классташы, досунун досу байып, кызматтарда жүрүшөт. Айтсаң жаман көрүнөсүң. Мындай туура эмес.
-- Коррупция, пара менен көбүнчө майда кызматкерлер кармалууда. Жогору жактагы чиновниктерге кол жетпей атабы?
-- Төрт жарым жылдан бери коррупцияга каршы күрөш жүрүп, улам бир кызматкер кармалууда. Бирок “ошол коррупционер кызматкерди ким кызматка алып келген?” деген логикалык суроону эч ким койбойт. Бир эле факт: салык кызматынын экс-башчысы жана орун басары 30 миллиард сом сологону боюнча кармалды, бирок аларды кызматка койгон жана тийешеси бар делген Акылбек Жапаров эркиндикте. Мындай мисалдар, фактылар көп, эл көрүп, билип турат. Жан кашаят да...
"Азия Ньюс" гезити