Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Быйыл үйлөнгөндөр да, ажырашкандар да көбөйгөн

Быйыл үйлөнгөндөр да, ажырашкандар да көбөйгөн

28-июль, 23:20
1 865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл 2020-жылга салыштырмалуу үйлөнгөндөрдүн жана ажырашкандардын саны бир кыйла өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин демография бөлүмүнүн жетекчиси Гульхумар Абдуллаева билдирди.

2021-жылдын январь-май айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК) Кыргызстан боюнча жалпысынан 20 миң 315 никени каттап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,6 эсеге көп экени байкалган.

Ал эми былтыркы ушул айда 12 миң 662 нике күбөлүгү тапшырылган. Январь-май (2021) айларында никеге тургандарды аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүчө болгон:

Бишкек шаарында – 3681; 

Баткен облусунда – 1686; 

Жалал-Абад облусунда – 3964; 

Ысык-Көлдө — 1431;

Нарын облусунда — 789; 

Ош облусунда — 4303; 

Талас облусунда — 745; 

Чүй облусунда — 2741;

Ош шаарында 975 түгөй үйлөнгөн.

Абдуллаева никеге тургандардын баарынын эле бүлөсү бекем боло бербесин, ар бир төртүнчү түгөй ажырашканын статистика көрсөтүп турарын билдирди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер