Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жарым жылда автокырсыктан 300дөн ашык адам каза болду

Жарым жылда автокырсыктан 300дөн ашык адам каза болду

23-июль, 23:55
1 729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу 23-июлда “Биринчи радионун” эфиринде жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын штабынын жетекчиси Өткүрбек Умаров билдирди.

“Жол кырсыктарынын 84% айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жатат. Алардын ичинен бир жыл тажрыйбасы бар айдоочулардын күнөөсүнөн болгон кырсыктар жыл сайын 500дөн ашат”.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү. 22-июль күнү кечинде Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда эки машина кагышып, алты киши мүрт кетти. Эки адам ооруканада.

21-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда авариядан беш киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.

10-июлда да Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн. Бул алты айдагы статистикага киргизилген эмес.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер