Чычкандар кол салып, абактагыларды көчүрүүгө аргасыз болушууда

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатынын түрмөсүн талаа чычкандары каптап кетип, абакта жаткан жүздөгөн адамдар менен абак кызматкерлери эвакуацияланууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттин маалымат булактары кабарлады. Чычкандар аталган штаттын айыл чарба районунда жайгашкан Веллингтон түрмөсүнүн имаратынын шыбы менен кабелдерин кемирип кетишкен.
“Кызматкерлер жана абакта жаткандардын ден соолугу менен коопсуздугу биздин башкы приоритет, ошондуктан зыян алып келбегендей кылып, тез аракеттенүүгө туура келди” деп айтты ЖМКга берген маегинде Жаңы Түштүк Уэльстеги түрмөнүн директору Питер Северин.
Ушул айдын соңуна чейин абакта жаткан 420 киши менен 200 кызматкер башка жайга көчүрүлөт. Кошумчалай кетсек, акыркы бир нече айдан бери Чыгыш Австралияда чычкандардын “чабуулу” күчөп, алар үйлөр менен эгинди зыянга учуратышууда.