Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов: “Өлкөбүз дагы эле конституциялык реформага муктаж”

Мамбетжунус Абылов: “Өлкөбүз дагы эле конституциялык реформага муктаж”

11-июнь, 01:42
767 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус ага, кечээки Садыр Жапаровдун соттук отуруму боюнча оюңуз кандай?

-- Иним, мен ага анчейин көңүл бурганым жок. Себеби, сот системасын жакшыртуу президенттин пикири менен эмес, Конституцияга гана шайкеш жүргүзүлүшү керек.  Эгер андай болбосо, анда сот системасынын көз каранды эместигин талкалап алабыз. Кечээки жыйын Конституциянын талабына шайкеш болбогондуктан, мен аны соттун көз каранды эместигине тыюу салуу, өлкөдө президенттик бийликтин жана  президенттин пикиринин үстөмдүгүн орнотуу аракети катары бааладым. Бул “ооруну” биз башыбыздан бир нече жолу кечиргенбиз. Анын аягы эмне менен бүткөнү белгилүү. Сот мындай кырдаалда президентти жана анын жакындарын эле угуп калат. Ошондуктан соттор Акаев учурунда Куловду, Бакиев учурунда Исаковду, Атамбаев учурунда Жапаровдун өзүн, Жээнбеков учурунда Атамбаевди камай берген. Алар бийликтен кетер замат, ошол эле соттор алардын баарын кайра актаганын элдин баары эле билет. Сот бийлигине аткаруу бийлигинин киришүүсү токтобосо, биз ушул сазга өзүбүз кайра-кайра тыгыла беребиз. Ушуга маани берип, Садыр Жапаров кечээ соттун жыйынына катышпоосу керек болчу. Ал катышып жаткандан кийин бир эле тыянак чыгарса болот: “Өлкөбүз дагы эле конституциялык реформага муктаж” деген...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер