Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү

Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү

01-июнь, 13:13
1 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу 1-июнда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, топтун курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер кирди. Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошол бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун “Сапат” жеке лицейи, “Ататүрк-Алатоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң, эки мамлекеттин мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер