Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Орунбеков: “Гранттар бекердей болуп таланып-тонолуп кетип атат”

Бакыт Орунбеков: “Гранттар бекердей болуп таланып-тонолуп кетип атат”

01-май, 13:59
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Биздин өлкө чет элден кайтарымсыз жардамдарды көп сурайт эмеспи, муну катардагы көрүнүш катары кабыл алса болобу? 

-- Кыргызстан 30 жылдан бери БУУдан көптөгөн жардамдарды алып жүрөт. Негизи биздин өкмөттүн чет элден жардам сурашына таңгалбай эле адаттагы көрүнүш катары кабыл алсак болот. Биздин мамлекет гранттарды эл чарбасынын, коомдук турмуштун баардык тарабына алып келе жатат. Биздеги маалыматтар боюнча Кыргызстандын сыртка чыккан ар бир жетекчиси барган өлкөсүнөн кайтарымсыз гранттарды алууга кызыкдар болушат.

-- Анда эмнеге бейөкмөт уюмдар аркылуу келген каражаттарды колдонууда терс пикирлер, айыптоолор көп айтылат? 

-- Келген каражаттардын бир бөлүгү демократияны, сөз эркиндигин өнүктүрүүгө жумшалат. Алар мамлекеттик дагы, мамлекеттик эмес дагы каналдар менен келет. Ошондой эле экономиканы, ишкерликти  өнүктүрүүгө, салык системасын жакшыртууга, экологияга, медицинага бөлүнгөн каражаттар абдан көп. Мына ошолордун кичинекей бир бөлүгү бейөкмөт уюмдар аркылуу адам укугун коргоого, демократия баалуулуктарын өнүктүрүүгө берилип жатат. 

-- Сырттан ар тармакка келген каражаттар өтө эле көп болгону менен анын натыйжасы көрүнбөйт го?

-- Сырттан келген акчалар тийешелүү мекеме-уюмдардын ичинен бекердей болуп таланып-тонолуп кетип атканы жашыруун эмес. Ошондой эле гранттардын бир бөлүгүнө ошол тараптын адистери өздөрү да отурат. Алар келген каржылардын эсебинен өз керектөөлөрүн камсыз кылган учурлар да жок эмес.  Кыскасы, гранттарды максаттуу түрдө пайдалана алган жокпуз. Ошондуктан эч натыйжа көрүнбөйт. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер