Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Теректердин шоокуму

Теректердин шоокуму

17-ноябрь, 21:41
531 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Даректүү баян)

Кыргыз элинин өткөн көөнө тарыхы анын күндөлүк турмушунан терең орун алып, ар кыл жагдайлары элибиздин эсинде оозеки формада сакталып, алар муундан муунга өтүп айтылып келген. Ал байыркы баяндардын ички маани-маңызын бабалардын басып өткөн жолу түзүп, алардын али айлана-чөйрөгө, жаратылыштын ар кандай кубулуштарына баёо мамиле жасоо менен аң-сезим, түшүнүктөрдүн өтө жөнөкөй абалда болгондугунан кабар берет. Мындай жагдайлар боюнча алыскы аймак болуп эсептелинген Чаткал өрөөнүндө жашап, күн кечирип келе жаткан элдин оозеки аңыз кептеринде көп жаңылыктар камтылып, элибиздин өткөн тарыхы менен үндөшкөн жагдайлар аз эмес экенине айрым турмуштук материалдар ачык далил болору көңүлдү өзүнө бурбай койбойт. Биздин буга чейин гезит беттеринен орун алып келген айрым материалдарыбыз (“Туз жана тоолуктар”) да ушул маселелерге байланыштуу жазылып, жарыяланып келгенин эске алганда, азыркы жарык көрүп жаткан бул макала да ошол биринчи жарыяланган маселелер менен түздөн-түз байланышта экенин ар бир окурман ажырата таанып билет. 

Тоодо-ташта, тумандарда жол чалган, 

Тооруп душман туктамалдан кол салган.

Турмушунда жатка моюн бербестен

Тууган жерди тутка кылса, барбы арман?!


Кайран кыргыз кырчылдашып жашады

Кыйла жерге жетти анын атагы.

Коңшуларга туугандашып кол сунуп, 

Кокуйлаткан душмандардын чатагы.


Биздин тоолор элдин муңун батырган

Жоо кол салса коюнуна жашырган.

Жылга-жыбыт, коктусунда күн көрүп, 

Жыргап-ойноп, көңүлдөрү ачылган.


Тоолук элдин толо келген көңүлү

Ток пейилдик коштоп өткөн өмүрү.

Кан көөкөрдө, баш кылычтын мизинде

Баатыр элдин анык болгон көрүмү.


Болсо дагы дал ошондой жакшылык

(Бирок турмуш кээде коёт ташка уруп.)

Биздин элдин момундугу кээ кезде

Бирибизге алып келген терс кылык.


Күн жааса боз үйлөрдөн тамчылап,

Коломтодо арча отун чатырап.

Курганышат от табына кактанып,

Кайра эле жаап кирет шатырап.


Боз үй ичи жанга жагым ылымта

Көчмөн кыргыз жашоо-шартка чын уста:

Конок келсе кол куушуруп кой союп, 

Кол чаначтан кымыз чайкап сунушка.


Чагылгандын күркүрөшү асманды

Түгөл каптап ак жааны башталды.

“Асан-Yсөн” желе тартып обого

Жердин бети жүзүн жууп чайканды.


Yй ичи уя сымал табы тарайт

Казанга сүрдөн салып, көңдөн калайт. 

Кайран эл кабак чытпай көндүм ишке

Отту үйлөп, очокко улам арча жагат.


Чатырап күйгөн оттун чогу жарайт, 

Казанды кызыл жалын улам жалайт.

Күн көзү көрүнбөстөн туман түшүп, 

Yй ээси үшкүрүнүп көктү карайт.


“Түбүң түш, күндүн көзү ачылбады

Биздерде ала албаган өчүң барбы?”

Сүйлөнүп жүдөө кемпир күл алууда

Күймөнүп, көзүн сүртүп жашып алды.


Шөмтүрөп сууга түшкөн чычкан болду

Түн бою көз ачырбай оңду-солду.

Ыркырап муздак шамал сөөккө өтүп,

Жардынын жамынчысы музга тоңду.


Таң таштай күн басылды, жел да жүрдү

Калдайган кара булутту шамал сүрдү.

Жер үстү баары чөөт сууга айланып,

Кембагал кургасын деп туурдук түрдү.


Бүрүшүп, башын катып жаман тонго

Калтырайт, үй ичи бүт: “Кудай колдо”

Тиленип жакшылыкты, амандыкты

Айтышты: “бул тирүүлүк чыны олжо”.


Чоң терек, түбүндө анын боз үй турат

Теңселип таңкы желге моюн сунат.

Жалбырак желге ыргалып дирилдесе,

Андагы жамгыр тамчы жерге кулайт.


Дыбырайт, боз үй кайра сууга чыдайт

Yй ээси балта кармап тышка чыгат.

Таң атып, күн ачылып, жаан токтойт

А бирок терек ыйлап, жашын сыгат.


Балта үнү алп терекке чабылууда

Алыска арызын айтып жаңырууда.

“Теңирим бир жааса өтмө катар

Терегим эки жаап жаңылууда”.


Дегендей чолок акыл бийлеп алды

Тырышып кыйып кирди терек, талды.

“Күрс” деген катуу үнгө кошул-ташыл

Алп терек кулап үйдү басып калды....


Чыңырык... Айланага салды бүлүк...

Эл келди уйкусунан чочуп туруп.

Зор терек бычыратып боз үй басып,

Ичинде жан калбады, жатты тынып...


Бакырып карт абышка сакал жулуп,

Ыргытты чоң балтаны ыйлап туруп:

“Жараткан, жанымды ал!” деп боздоп жатты

Көз алды кыйрап калды кылган турук.


Абышка ачуу менен байкабады

Алп терек кайсы жакка жыгыларын.

Апталап толгон ыза таркабады

Билбеди канча өмүрлөр кыйыларын...


Маңыроо, баёо мүнөз биздин элдин

Жоругу жоодон жаман байкап көргүн.

Теректин жыгыларын элес албай

Тез эле ажал таап турбай өлдүң.


...Замандар акты суудай билинбеди

Өткөндөр кайра кайтып тирилбеди.

Куу турмуш ар кыл ойго сала берип,

Акыры кабак ачып күлүңдөдү...


Өткөндү эске салдым биздин элде

(Өгөйлөп өз журтуңу жаман көрбө.)

Баёолук, маңыроолук башта болгон

А азыр баары акылдуу баштайт өргө.


Айылда атам өткөн жайга карап

Ансайын муунум бошоп, жашым тамат.

Андагы аксакалдар – алп теректер

Шуулдап бир башкача шоокум салат...


...Шамал жиреп, тоо аралап көчкөндөр,

Ашуулардан булут коштоп өткөндөр.

Насип буюруп, талаа-түздө күн көргөн

Насили бек улуу элдер көчмөндөр!


Бакыт Баймырзаев, Бишкек шаары, Ак-Өргө конушу

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер